Жогорку Сот Кулматовду камакта калтырды

Мезгил

Бүгүн, 31-июлда Жогорку Сот Бажы кызматынын мурунку башчысы Кубанычбек Кулматовду 28-августка чейин камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды.

 Белгилей кетсек, буга чейин УКМК Кубанычбек Кулматовду 2018-жылдын 5-июнда кармап, ал 28-июнга чейин камакка алынган.

25-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кулматовдун камактагы мөөнөтүн узартуу маселесин карап, аны 28-августка чейин абакта калтырган болчу. Актоочу тарап экс-мэрди үй камагына чыгарууну өтүнүп жогорку инстанцияга даттанган, бирок арыз канааттандырылган эмес.

Эске салсак, Кулматов коррупция жана жараксыз паспортту пайдалануу боюнча айыпталууда. Быйыл 18-майда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү (“Коррупция”) боюнча айып тагылган.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *