Жогорку Сот Сапар Исаковду камакта калтырды

Мезгил

Бүгүн, 24-июль күнү   Жогорку Сотто экс- премьер-министр Сапар Исаковдун баш коргоо чарасы каралды.

 Соттук отурум жабык эшик артында өттү. Жогорку Сот Бишкек шаардык соту  Сапар Исаковду камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырылды.

Эске салсак, Сапар Исаковго “Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу 386 млн. доллар кытай насыясын максатсыз пайдаланган” деген айып коюлуп, Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголгон. Алгач ага эч жакка чыкпоо жөнүндө тилкатынын негизинде бөгөт чарасы бекитилген.

Бирок 5-июнда тергөө органдары Исаковго тагылган айыптын оордугун эске алып, ошондой эле “тергөөгө басым жасашы мүмкүн” деген жүйө менен камакка алууну өтүнүп сотко кайрылган. Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы премьерди эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Учурда Сапар Исаков УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Булак: Мезгил Ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *