Мезгил
Жол эрежесин бузган жөө жүрүүчүлөр дагы айыптардан 50 пайыздык жеңилдик алат.
Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи фазасында жөө жүрүүчүлөрдү жоопкерчиликке тартуу механизмдери даярдалат.
Маселен, тыюу салынган жерден өтүп бара жаткан жөө жүрүүчүгө протокол түзүү үчүн ага тийиштүү маалымат инспектордун планшетиндеги базадан алынат.
Көчмө компьютер, өз кезегинде, Мамлекеттик каттоо кызматынын серверине туташтырылат.
Айыпты жеринен эле же 15 күндө төлөсө, анын жарым суммасы чийилет.