Жол кырсыгынан адам өмүрү кыйылды

  Мезгил

Ош шаарында эки унаа сүзүшүп, кесепетинен 23 жаштагы айдоочу каза болду. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, окуя Ош — аба майдан жолунун 10-чакырымында болгон.

Кара-Суу районунун тургуну өзүнүн «Daewoo Lacetti» үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып, каршы тилкеге чыгып «Тоyota Estima» үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Кырсыктан экинчи унаанын айдоочусу менен калган жүргүнчүлөрү ар кандай жаракаттарды алышты. Алар Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына жеткирилди. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *