Жолдошбаев министрдин орун басарына: Булар бал жеп атып эле семирип алышканго

   Мезгил

Жогорку Кеңеште 2020-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда, депутат Камчыбек Жолдошбаев эмне менен иммунитетти көтөрүүгө боло тургандыгын сурады.

-Кыргыздын жакшы кеби бар “Башканы коюп Манасты айт” дейт. Бул жерде айыл чарбасынын баары өлгөн. Илгери советтер союзунун тушунда, коммунистик партия бар кезде дүйнө 150-140тан козу алгыла деп жатып эле башты айлынтып, эгинди мынчадан картошканы баланчадан аласыңар деп атып силердин кадыр-баркыңарды түшүргөн. Азыр кыйын мезгил болуп жатат иммунитетти көтөрүү үчүн кайсы өсүмдүктү же бээнин сүтүн багалаң козубу же башка эмне жеш керек? Ушуну карап айтып көрсөңөр кандай оюңар бар?-деди.

Депутаттын бул суроосуна айыл чарба министринин орун басары Жаныбек  Керималиев иммунитетти көтөрүш үчүн Ат-Башынын балын жеш керектигин айтты.

 -Иммунитетти көтөрүш үчүн Ат-Башынын балын жеш керек. Ушул аябай жакшы. Себеби бул бал иммунитетти абдан көтөрөт. Баардык жерде, медицинада да ушул балды сунушташат-деди ал.

Анын бул жообуна анча канааттанбаган Жолдошбаев  балды жегендер сахар болуп ооруп жатышкандарын айтты.

-Кээ бирлери балды жегендер сахар болуп ооруп жатат андан башка да болушу керек.  Телевидение ар кайсы жактан карап туруп ушул тамак ашты жегиле деп айтыш керек. Булар өстөрү бал жеп жатып семирип алганбы билбейм. Бул катуу маселе болуп жатат эгерде иммунитети күчтүү болсо оору жукпайт- деди депутат.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *