Жолдошумдун ушул суроосунан тажадым

  Мезгил 

   Редакцияга кайрылып жан дүйнөсүндөгү ар кандай сырларын бөлүшүп  окурмандардан  кеңеш сураган каармандардын тагдырын чагылдырып келебиз. Аларга карата айтылган кеп кеңештерди каармандарыбыз кандай кабыл алат албетте өздөрү чечим чыгарат деген ойдобуз. Биздин максат алардын жан сырын окурмандар менен бөлүшүү.  Бүгүн да биз Кундуз аттуу жаш келиндин сырын сиздер менен бөлүшөлү деп турабыз.   

Саламатсыздарбы айтайын дегеним, мурун болгон сезимди кайра тутандырууга болобу? Турмушка чыкканыма 4 жыл болду эки балам бар.  Жолдошумдун, өзүмдүн да жумуштарыбыз бар. Бирок күйөм өтө сараң. “Акча кайда кетти, маникюрду эмне үчүн жасаттың?, Чачыңды эмнеге боетосуң?”, деген суроолорунан абдан тажап бүттүм. Ал эми ооруп калсам ден соолугумду сурап да койбойт.

Чынын айтсам, ушундай майда барат суроолордун айынан башыбыздан бир топ эле жаңжалдар өттү. Ал тургай кол көтөргөн да учурлары да болду.  Бул гана эмес, жумушума чейин келип сабап кетет.

 Эмнеге мындай кылат билбейм, ушунун баарына чыдап келе жатам. Кээде туруп мага болгон сүйүүсү өчүп баратабы деп ойлойм. Үйдө уруш талаштар азайгандын ордуна тескерисинче көбөйдү. Аял заты болгондон кийин майда чүйдө нерселерге акча керек болоорун тана албайбыз. Жолдошум эми эмне дейт качан келип сабайт деген ойлор менен жашап калдым. Мен азыр 21 гана жаштамын жолдошум менден 3 жашка улуу. Эмне кылышымды билбейм. Жакшы эле көтөргөнгө аракет кылып келе жатканым менен күйөмдүн бул адаты калбай эле. Акыл кеңешиңиздерге муктажмын.  Алгачкы күндөрдөгүдөй  махабат отун  кантип тутантууга болот. Курбуларым башымдагы жагдайды айтып берсем, алар “сен жашсың, ажырашып эле кет. Өмүр боюу ушинтип кантип жашайсың деп жатышат. Бирок ортодогу эки баламчы? Кандай кадамга барсам жаңылышпайм. Кундуз.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *