ЖОЖ студенттери арасында президенттик стипендия үчүн ачык сынак жарыяланды

  Мезгил

ЖОЖ студенттери арасында 2018-2019-окуу жылында президенттик стипендия үчүн ачык сынак жарыяланды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, сынак президенттин «Кыргызстандын жогорку окуу жайларындагы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине (курсанттарына) президенттик стипендияны ыйгаруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Жарлыгына ылайык жүргүзүлүүдө.

Сынакка окуусун изилдөөчүлүк иш жана активдүү коомдук иш менен ийгиликтүү айкалыштырып айырмаланган студенттер катыша алат.

Аталган сынакка байланыштуу бардык маселелер боюнча Билим берүү жана илим министрлигине 662842, 620465 телефондору боюнча кайрылса болот.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *