Мезгил
Жумуш издеп жаткандар үчүн жакшы жаңылык. 23-ноябрда Бишкекте вакансия жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, ага ордо калаанын 30дан ашык ишканалары жана уюмдары катышат. Иш издегендер үчүн мамлекеттик кызматтарда, байланыш, тейлөө, коомдук тамактануу, курулуш жана башка тармактарда 3 миңдей жумуш орундары сунушталат. Дареги – Бишкек, Токтогул 237, шаардык иш менен камсыз кылуу башкармалыгы.
Булак: Мезгил Ньюс