Журналисттин амалы менен аз добуш алган адам АКШнын Ажосу болгон

Мезгил

Кылым карытар кызыктар

1876-жылы АКШда өткөн шайлоо жыйынтыгы боюнча, демократ Семуэль Джон Тилден, республикачы Ратерфорд Б Хейсти жеңип, улуу державанын он тогузунчу президенти болуп шайланмак. Бирок, шайлоо жыйынтыгы Американын Башмыйзамына ылайык ар бир штаттагы тандоочу комиссия мүчөлөрүнүн добуш берүүсүнөн соң гана аныкталмак. Дал ушул алешемдиктен улам, 1876-жылкы ажо шайлоодо атаандашына салыштырмалуу аз добуш алган адам тактыга келген.

Бурмаланган шайлоо

1876-жылдын 7-ноябрында республикачылар партиясынан президенттикке талапкер Ратерфорд Б Хейс аялы Люси жана жакын санаалаштары менен бирге, очогунун төрүндө шайлоо жыйынтыгын чыдамсыздык менен күтүп отурган. Саат сайын телеграмма аркылуу добуш берүүнүн жыйынтыктары келип, Огайо штатынын губернаторун (Ратерфорд Б Хейс губернатор болчу) түйшүккө салган. Анткени, почтадан келген каттарда демократ-атаандашы Семуэль Джон Тилден алдыга озуп чыкканы тууралуу маалыматтар жазылган болчу.

Ал эле эмес Хейс үмүттөнгөн Нью-Йорк шайлоочулары да шаар губернатору Тилденге добуш берип, республикачы талапкердин тилегин таш каптырган. Ири шаар Нью-Йорк гана эмес республикачылардын анык күйөрманы болгон Индиана дагы Тилденди шайласа, Коннектикут менен Нью-Джерси да демокркаттардын катарына кошулган. Ал түнү добуш жыйынтыгын уккандан чарчаган Хейс, уйкуга кетсе, Тилден жеңишин майлап Нью-Йоркто майрам уюштурган…

Журналисттин амалы

Мында бир гана “Нью-Йорк Таймс” гезитинин башкы редактору жана анык республикачы Джон К Рейд гана жеңилүүгө моюн сунган эмес. Ал түнкү саат 3:45 чамасында демократтар штабынан түшкөн маалыматтардан улам, күрөштү кайра улантууну чечкен. Анткени ага келген катта, тандоочу комиссиядагылардын бир нечеси добуш бере электиги тууралуу кабар бар болчу. Ошол замат штаттардагы комиссия мүчөлөрүн эсептеп чыгып, Луизиандан сегиз, Түштүк Каролинадан жети, Флоридадан төрт добуш жок болгондугун тактайт. Ал шефи Хейс, Тилденге 166-184 эсебинде уттуруп келатканын аныктап, эгерде үч штаттагы комиссия мүчөлөрүнүн он тогузу тең добушун Хейске берсе, анда республикачы бир добуш айырмачылык менен президент болуп шайланаарын эсептеп чыгат. Дал ушуну көздөгөн журналист Рейд атайын план түзгөн. 

Ал түн ичинде республикачылардын лидерин ойготуп, кеңешкен соң төмөнкүдөй мазмундагы телеграмманы штаттардагы партия жетекчилерине жиберет. Телеграммада: “Эгерде биз Түштүк Каролина, Флорида жана Луизиандагы тандоочу комиссия мүчөлөрүнүн добушун алсак, Ратерфорд Б Хейс президент болуп шайланат. Штаттардагы добуштарды камсыздап бере аласыңарбы? Ылдам жооп бергиле” – деп айтылган. Телеграмманы жиберген соң Джон Рейд “Нью-Йорк Таймс” гезитинин кеңсесине келип, гезиттин үчүнчү күнү чыга турган “Президенттик шайлоонун жыйынтыгы дагы деле суроо бойдон” деген аталыштагы биринчи чыгарылышын токтотуп коет.

Шак эле экинчи чыгарылышын чыгарууга макала жазып, таңкы саат 6:30 да “Тилден тандоочу топтогулардын 184 добушуна ээ болду, бирок, Луизиана жана Түштүк Каролинадагы тандоочу комиссия мүчөлөрүнүн ишеничине кире албады” деген макаласын жазып, Хейстин 181 добушка жеткени маалымдалган, экинчи чыгарылышты жарыкка чыгарат.

Бул кабардан кийин Американын он тогузунчу президентинин тагдырын Флоридадагы төрт добуш гана чечмек. Ал добуштарды алыш үчүн Рейдке бир гана күн талап кылынган. 9-ноябрь күнү жарык көргөн “Нью-Йорк Таймс” гезитинин “Ратерфорд Б. Хейс 185 добуш менен АКШ президенти болду” деген макаласы ар бир окурмандын назарында турган. 

Шайлоонун шайтан оюндары… 

Хейстин президент болуп шайланышы төмөнкүдөй болгон. Президенттик тактыда отурган республикачы Уллис С Грант экинчи мөөнөтүн өтөп бүтөрүнө аз калганда, партия өкүлдөрү бийликти дагы эки мөөнөт кармап турууга аракет кылып, Хейстин талапкерлигин ажолукка көрсөтөт. Алардын атаандашы демократтар 1860-жылы ажолукту Линькольнга жулдуруп ийген соң, кайрадан бийликке келүүнү эңсеп, Тилденди аттанткан. Конгрессте да кайчылаш пикирлер жаралып, жарандык согуш өткөнүнө он жыл болсо да, державанын экиге бөлүнүү коркунучу турган. Алтургай мамлекеттеги бийликтин башкаруучу бутактарын да эки партия ээлеп, экиге бөлүп алган. Сенатты республикачылар ээлесе, Палата өкүлдөрү болуп демократтар отурган. 1876-жылкы шайлоодо кайсы партиянын өкүлү жеңишке жетишсе, ошол партия абсолюттук бийликке жетишмек.

Ошондон улам эки талапкердин санаалаштары, ажолук тактыга жетүү үчүн болгон амалдарды колдонууга өткөн. Шайлоо жыйынтыгынын чукул өзгөрүшүнөн улам, Тилдендин тарапкерлери Түштүккө сапар тартып, добуш берүү жоболорун, тыкыр иликтөөгө киришет. Республикачылар да өз кызыкчылыктарын коргош үчүн атайын топту ишке киргизген. Ал эле эмес президент Уллис С Грант добуштардын жыйынтыгын Вашингтонго жиберердин алдында, федералдык кызматкерлерге шайлоо өнөктүгүнүн бурмаланышы үчүн бардык чараларды колдонуусуна уруксат берген.

Ошонун негизинде республикачылар паракорлук жолдор аркылуу Луизиана, Түштүк Каролина жана Флоридадагы шайлоо комиссияларын көзөмөлдөөгө алган. Ошентсе да шайлоонун акыркы жыйынтыгы бир нече айга созулуп кеткен. 

6-декабрь күнү тандоочу топ чогулуп, добуш берген соң, шайлоонун акыркы жыйынтыгын Вашингтонго жиберет. Тараптар ортосунда чыңалуу башталып, бийликке жетиш үчүн болгон аракеттерин жумшап, чукушмайга өтөт. Ара-чолодо Орегон штатындагы тандоочу топтун добуш берүүсүндө мыйзам бузуулар катталганы ачыкталат. Орегон штатынан республикачы Хейске добуш берген төртүнчү класстагы почтмейстер Джон У Уаттс жыл сайын 268 доллар айлык алып, мамлекеттик кызматта отургандыктан анын добуш берүүсү мыйзамга каршы келгенин айтып, штаттын демократчы губернатору анын ордуна партиялашын дайындайт. Эгерде сенаттагылар демократтар тараптан дайындалган адамды Уаттстын ордуна бекитсе, ал Тилдендин эң керектүү добушун алып берип, анын президент болуп шайланышына салымын кошмок. Бирок, мындан майнап чыккан эмес. 

Соодалашмай сааты

Акыры партия өкүлдөрү атайын келишим түзүп, он беш адамдан турган комиссияны ишке киргизүү боюнча мыйзам долбоор иштеп чыгат. Шайлоо калыс өтүш үчүн топ курамына сенаттан үч республикачы жана эки демократ, Палата өкүлдөрүнөн үч демократ жана эки республикачы, Жогорку Соттон эки партиядан экиден өкүл дайындалса, он бешинчи адам эки партияга тең тиешеси жок, калыстыкты карманган Жогорку Сот мүчөсү болмок. Жогорку Соттон тандоочу комиссиянын курамына Девид Девис киргизилип, ушул адамдын добуш берүүсүнүн натыйжасында жаңы президент шайланмак. Бул мыйзам долбоор президент Гранттын кол коюусуна жиберилген күнү, Иллинойс штатынын мыйзам чыгаруучулары Девид Девисти АКШнын сенаторлугуна өткөргөнүн кабарлаган. Ошентип Девистин ордуна Джозеф П Бредли келип, партия өкүлдөрү анын добушун алуу үчүн кам көрө башташкан. 

1-февраль күнү Конгресстин эки палатасы тең штаттардагы комиссия өкүлдөрүнүн добуштарын эсептөөнү баштаган. Алабама-Арканзас-Тилденге, Калифорния-Колорадо-Хейске, Коннектикут-Денвер-Тилденге добуш беришсе, Флорида штатындагы талаш-тартыштар, добуштарды эсептөөнү убактылуу токтотууга мажбур кылган. Ошол эле күнү кечке жуук, Джозеф Бредлинин добушун алуу үчүн демократтардан куда түшкөн. Ал өз добушун Тилденге берерин айтып, келген конокту сыпайы гана узаткан.

Бирок, таңга жуук республикачылардын эки абройлуу адамдары конокко келген соң, Джозеф Бредли өз добушун Хейске бере турган болгон. Бир топ ызы-чуу, талаш-тартыштан соң, добуш берүүнүн жыйынтыгы аныкталып, Ратерфорд Б Хейс 185-184 эсебинде демократ Семуэль Джон Тилденди жеңип, президент болуп дайындалган. Бир добуш айырмачылык менен гана Ратерфорд көздөгөн максатына жеткен.

Ал эми жалпы элдик шайлоого кайрылсак Тилден 4 300 530, Хейс 4 036 298 добушка жеткен. Бирок мындай чоң айырмачылык деле Башмыйзамдагы кемчиликтен улам Джон Тилденге президенттик тактыны тартуулай алган эмес. Ал 1877-жылы губернаторлук мөөнөтүн аяктаган соң, саясаттан кетип, бир да жолу мамлекеттик постторго ат салышкан эмес. Ал эми Хейс болсо, жок жерден президент болуп калганына карабастан “компетенттүү” ажолордун бири катары кызмат өтөгөн. 

Башмыйзамдагы кемчилик

Көпчүлүк тарыхчылар “Нью-Йорк Таймс” гезитинин башкы редакторунун активдүү иш-аракеттеринен улам, Тилден эмес Хейс президент болуп калганын АКШнын Башмыйзамындагы кемчиликтен көрүшөт. Башмыйзамдын 2-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде, АКШ президенти тандоочу комиссиядагылардын добуш берүүсүнөн улам шайланат.

Мыйзамга ылайык штаттагы тандоочу топтун саны да, ошол штаттагы сенаторлор менен Палата өкүлдөрүнүн санына барабар болуп, жалпы элдик добуш берүүдөн соң гана, комиссия мүчөлөрү өз добуштарын татыктуу талапкерге берет. Ошонун жыйынтыгынан соң гана президент шайланат.

Эгерде президенттикке талапкер адам жалпы элдин добушун аз алып, бирок, тандоочу топтогулардын добушун көп алса, анда ал эч токтоосуз президент болуп шайланат. Так ушул жерди эске алган башкы редактор Рейд амал таап, Хейстин президент болуп шайланышына тоодой салымын кошкон. 

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *