ЖУСУП АБДРАХМАНОВ: “Өлгөндөр тирүүлөрдү башкарбайт…»

Мезгил

Аты -жөнү: ЖУСУП АБДРАХМАНОВ 

Туулган жылы: 1901-жылы 28-декабрь

Туулган жери: Ысык-Көл обулусуна караштуу Ак-Суу районундагы Чиркей айылы

Билими:

1911–16-жылдары Сазанов (азыркы Ананьев) айылындагы үч жылдык орус- жергиликтүү мектебинде, Каракол шаарындагы жогорку башталгыч окуу жайында окуган.

1919-жылы Верный (Алматы) шаарында командирлик курста окуган.

Эмгек жолу:

1918-жылы кызыл гвардиячылардын катарына кирген жана Жетисуу-да Совет бийлигин чыңдоого катышкан.

1919-жылы РКСМ Түркстан бюросунун президиумунун ж-а РКСМдин Жетисуу облустук Уюштуруу бюросунун мүчөлүгүнө шайланган.

1920-жылы  Москвада өткөн РКСМдин 3-сьездинин делегаты болуп, анда В. И. Ленин менен сүйлөшүп, пикир алышкан. 1920–24-ж. партиялык жооптуу кызматтарда иштеген.

1924-жылы мартта Түркстан АССРинин Борб. аткомунун президиумунун мүчөсү жана жооптуу катчысы болуп шайланган.

1924-жылы Кара Кыргыз автономиялуу облусунун облустук партбюросунун жооптуу катчысы болуп бекитилген.

1925-жылы майдан РКП(б) БКнын Орто Азия бюросунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары, августтан Москвада РКП(б) БКнын аппаратында инструктор.

1926-жылы октябрда Кыргызстанга келип, облустук аткомдун төрагасынын 1-орун басары, 1927-ж. марттан РСФСР БАКтын мүчөсүнүн, андан кийин Бүткүл союздук БАКтын ж-а РКП(б) БКнын Орто Азия бюросунун мүчөлүгүнө кандидат болгон.

1933-жылы сентябрда компартияга каршы аракеттенген деген жалаа менен ишинен бошотулуп, партиянын катарынан чыгарылган.

Андан кийин Ортоңку Волга крайынын мал чарба башкармалыгынын башчысынын орун басары, 1935-жылдан Оренбург облустук аткомунун жер бөлүмүнүн башчысынын мал чарбачылык боюнча орун басары болуп иштеген.

Тарыхта калган кара так:

1937-жылы 10-июнда  контрреволюциячыл Алашордо уюмунун катышуучусу деген жалаа менен камакка алынган.

1938-жылы 5-ноябрда атылган.

1958-жылы акталган.

1916-жылкы үркүндө эл менен кошо Кытайга качып, 1917-жылы кайтып келген. Үркүндө оор турмуштун азабынан ата-энеси 7 бир тууганынан айрылган.

Чыгармачылыгы:

Жусуп Абдрахманов өз элинин тарыхын изилдөөчү катары республиканын тарых илиминин өнүгүшүнүн башатында турат. Анын республиканын тарыхы боюнча алгачкы эмгеги 1928-жылы «Кыргызстан» деген ат менен жарык көргөн.

1916-жылкы көтөрүлүш жөнүндө чындык жана акыйкат өңүтүнөн жазылган «Күндөлүгү» ж. б. китептери белгилүү.

Эр өмүрдөн өтүп кетсе эл эмгектен эскерсин

Жусуп Абдрахманов ысымы менен Ысык-Көл районундагы айыл кеңеши (мурдагы Таштак айыл кеңеши), Бишкек шаарынын борбордук бир көчөсү аталган.  Туулган айылына жана Каракол шаарында эстелик тургузулган.

Кендирди кескен ден соолук

Жусуп Абдрахманов Үркүндөн тууган жерине кайткан соң Каракол гарнизонундагы офицердин үйүндө атчы, кароолчу болуп иштеген. Анын табиятынан зээндүү, дилгир экендигин байкаган подполковник Бычков өзү менен кошо Верный (Алмата) шаарына алып барган.

 Бул жерде совет бийлиги орногондон кийин, мурда кат сабаты жоюлган Жусуп бир канча ай статистика тармагында эмгектенип, андан соң Морозовдун кызыл гвардиялык отрядына кирет. Гвардияда жүргөн кезинде Жусуп командирдин жардамчысы болуп, Жети-Суу фронтунда актарга каршы күрөшкөн.

Абдрахмановдон келечектеги мыкты аскер адамы чыгат деген үмүт менен жогорку жактан Верный шаарына командирлик курска, кийин Ташкенттеги В.И. Ленин атындагы аскердик окуу жайга кирет. Бирок, ден соолугу анын келечектеги аскер адамы болушуна чоң тоскоол болуп, аргасыз аскердик карьерасын токтотууга мажбур болот.

Ленин менен баарлашкан  биринчи кыргыз

Советтик дух менен Жусуп дагы 1919-жылы кыргыз жаштарынын алдыңкы өкүлү катары комсомолго өтөт. Анын таалайына жазылган саясий ишмердиги дагы ошол чөйрөдөн башталган. Абдрахманов 1920-жылы РКСМдын (Российский коммунистический союз молодежи) 3-съездине Кыргызстандын атынан барган. Ушул съездде Жусуп Абдрахманов коммунисттердин жол башчысы В.И. Ленин менен жолуккан. Абдрахманов бул жолугушууну мындайча сүрөттөгөн:

“Съезддин чечими менен мен президиумга шайландым. Өзүнүн доклады бүтүп, тыныгуу учурунда күтүлбөгөн жерден Владимир Ильич мага кайрылды… Кайдан келгенимди сурады. Мен жооп бердим. Бирок, чынын айтканда өтө толкундандым. Анда мен Лениндин эмгектерин окуй элек кезим эле. Анын суроолорунун бири мындай болду:

“Силерде орус калкы канча пайыз?” -Беш пайызга жакын-дедим. “Калгандары кимдер?” – Кыргыздар менен казактар. “Сабатсыздар канча пайыз?” – Эки пайызга жакын. “Калгандары эмне сабатсызбы? Аппарат, советтик аппарат кайсы тилде иштейт?”

-Орус тилинде – деп жооп бердим. Мен ойлоптурмун бул нерсе кадыресе эле нерсе деп. Муну уккандан кийин Владимир Ильичтин өңү өзгөрүп, мындай деди: “Жолдоштор, силер социалисттик революциянын алдында кечирилгис кылмыш кылып жатасыңар. Калктын көпчүлүгү түшүнбөгөн тилде иш алпарган аппарат, ошол элдин күнүмдүк көйгөйүнө, маселелерине көңүл буруп, аларды чече албаган аппарат, масса менен байланышта боло албайт…”-деген экен.

Лениндин бул сөзү анын кийинки саясий аракеттерине көп таасирин тийгизген. Биз мына 1989-жылдан бери 23-сентябрь деп тил күнүн белгилеп, өзүбүздү өзүбүз шылдыңдаган майрамга айланттык. Тил жөнүндө маселени өзүбүзгө эмес, советтик коомго шылтоолойбуз. Көрсө, советтик идеологиянын башында тургандар деле “кыргыздар орусча сүйлөгүлө” деп буйрук бербептир да.

 27 жашында  премьер-министр болгон 

Бизде азыр демократия ураанынан башка адам укугу жана жаштар башкарууга катышсын деген чакырык бар. Ал үчүн министрлик да түздүк, грант деле алып жатабыз, бирок, жыйынтык жок. Кеп жаштарды башкарууга алып келүүгө атайын программа эмес, жаштардын өздөрүнүн мекенге кызмат кылам деген ою, саясий эрки жана эң негизгиси билим деңгээли болушу керек го. Абдрахманов 19 жашынан тартып мамлекеттик, партиялык кызматта иштеп, 27 жашында, тактап айтканда 1927-жылдын март айынан 1933-жылдын сентябрына чейин Кыргыз АССР Эл комиссарлар советинин төрагасы, азыркыча айтканда премьер-министри болгон. Жаш, ишке жөндөмдүү адис катары тез эле жетекчиликке көтөрүлгөн. Абдрахманов ушул кызматта отуруп, азыркы күндөгү өнөр жайга, республиканын чарбалык-маданий курулушунун фундаментин курууга активдүү катышкан.

Карапайым эл кырылып калбасын деген Абдрахманов “эл душманына” айланган

1933-жылы 26-майда ВКП (б)Борбордук комитети “Республикада (Кыргызстанда) дан азыктарын бекитилген планга каршы ысырапкорчулукка жана уурдап жок кылууга жол берилип, чара колдонбогондугу” жөнүндө токтом кабыл алынган. Ушул эле жылдын 22-сентябрында партиянын борбордук комитетинин саясий бюросунун чечими менен Жусуп Абдрахманов кызматтан бошотулуп, 14-октябрда партиядан чыгарылат. Андан кийин Самара жана Оренбург шаарларына кызматтык сүргүнгө айдалат. Жусуп Абдрахмановдун кызматтан айдалганынын себеби мындайча болгон. 1932-1933-жылдары Сталиндик өлкөнү индустрилизациялоо саясатынын жүрүшүндө СССРде катуу ачарчылык болгон (оор өнөр жайды куруу үчүн сыртка дан азыктарын экспортко чыгарып, сырттан өнөр жайга керектүү материалдар алып келинген). Ачарчылык СССРдин дан эгиндерин өндүргөн аймактарда Украина, Казакстан, Поволжьеде өзгөчө катуу болуп, адамдар ачкачылыктан кырыла баштаган.

Коомдук ишмер Ишенбай Абдразаковдун Жусуп Абдрахманов жөнүндө жазылган эмгегинде айтылгандай ошол кезде Казакстан менен Сибирден 130 миңдей адам Кыргызстанга жан сактоого келген. Пландуу экономикалык саясаттын негизинде дан даярдоо планы таңууланып, реалдуулуктан бир топ четтеп кеткен. Ушундай шартта Элкомсовдун председатели (өкмөт башчы) Жусуп Абдрахманов жана башка республиканын жетекчилери көрсөтүлгөн планды азайтууга мажбур болушкан. Эл ачарчылыктан кырылып калбасын деп, үрөн фондусунан пайдаланууга уруксат берген.

Карапайым элди кырылбасын деп дан бергени кийин Абдрахмановду “эл душманына” айландырды. Ошол кезде коңшу казактардан ачарчылыктан улам бир канча миңдеген адам кырылып, дагы бир тобу Кыргызстанга келип жан сактаган.

Өзүнүн күндөлүгүндө Абдрахманов ал жөнүндө мындай деген: “1932-жылы жазында казактар Кыргызстанга күтүрөп келе баштады. Ачарчылыктын айынан алардын арасында өлүм-житим көп болду… План өткөрүү кыйынчылыгын Шахрай, Исакеев үчөөбүз талкуулап келип, мен: “План аткарбады деп кызматтан алса алсын, республиканы Казакстандын абалына жеткирбейм” дедим. Алар макул болду.

Эл арасында аты белгилүү инсандардын жеке жашоосу дайыма кызыгууну жаратат. Жусуп Абдрахмановдун саясий тагдыры кандай аянычтуу болсо, жеке жашоосу дагы ошондой азаптуу болгон. Үркүндө ата-энесинен, бир туугандарынан айрылып, бир иниси жана карындашы калган. Иниси дагы агасынын жолун жолдоп Ташкентте жогорку билим алган. Тилекке каршы, кийин ал дагы репрессиянын курмандыгы болсо, жалгыз карындашынын күйөөсү дагы камалган.

Эгемендиктин алгачкы пайдубалы

XX кылымдын 20-жылдарынын башында Абдыкерим Сыдыков, Ишенаалы Арабаев жана башкалар менен бирдикте Жусуп Абдрахманов Түркстан Республикасынын курамында Тоолуу кара Кыргыз автоном областын куруу идеясын көтөрүп чыккан. Бирок, Жусуп Абдрахманов менен Абдыкерим Сыдыков башында турган кыргыз саясатчыларынын бул демилгеси биздин калкыбыздын өзүнчө журт сыпатында өсүп-өркүндөшүн анча каалабаган Түркстан Республикасынын айрым жетекчилери менен кай бир жергиликтүү бийлик төбөлдөрү тарабынан каршылыкка учураган. Калкыбыздын өзүнчө кереге калап, түндүк көтөрөйүн деген асыл тилеги, аны жүзөгө ашырмакчы болгон Жусуп Абдрахмановдой азаматтарыбыздын аракети канчалык азап-тозок, кандай гана драмалуу окуялар менен коштолгон. Алсак, 1922-жылдын 4-июнунда чакырылган Тоолуу Кыргыз областынын уюштуруу съездинде жер-жерге, уруу-урууга бөлүнүп, араздашкан делегаттардын арасында мушташ чыгып, натыйжада Сталиндин түздөн-түз көрсөтмөсү аркылуу съезд таркатылган. Сталиндин буйругу менен таратылган съездден кийин Тоолуу Кыргыз областын түзүү аракетине буржуазиячыл улутчулдуктун көрүнүшү, ага демилгечи болушкан Абдыкерим Сыдыков, Ишенаалы Арабаев жана Жусуп Абдрахмановдорго буржуазиячыл улутчулдар деген жалган жалаа тагылган. Бирок, ушундай өтө опурталдуу саясий айып тагылганына карабай, эли-журтунун тагдыры үчүн кара башын канжыгага байлап, беттеген максатынан кайткан эмес.

1924-жылдын январында Түркстан автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасы Советтеринин XII съездинин бүт кыргыз делегаттарын уюштуруп, алар Москвага атайын кат менен кайрылышкан. Катта партиялык жана мамлекеттик бийликтин борбордук аппаратына Түркстанда өзбектер, тажиктер, кайсак-кыргыздар менен жанаша өмүр сүргөн дагы бир улут -кара кыргыздар бар экендиги белгисиз бойдон калып жаткандыгын кабарлашкан. Мындай акыбалды тилиндеги, жашоо мүнөзүндөгү, чарба жүргүзүүдөгү окшоштуктарына карап, европалыктар кайсак-кыргыздар менен кара-кыргыздарды бир улут катары кабылдап жүргөнү менен байланыштырышкан. Түркстандык айрым жетекчилердин кара-кыргыздар менен кайсак-кыргыздарды бириктирип, бир улутка айландыруу аракети катуу сынга алынган. Каттын авторлору, биринчиден, кыргыздардын ушундай “белгисиз” абалына байланыштуу алар жашаган көпчүлүк аймактар социалдык-экономикалык жана саясий иш-чаралардан сыртта калганына басым жасашкан.

Анткени, область түгүл, уездик башкаруу аппараттарын кураганда да улуттук фактор эске алынган эмес. Экинчиден, кара-кыргыз маданиятын көтөрүү милдети партия тарабынан да, Совет бийлиги тарабынан да талаптагыдай жолго коюлбай жатканына тынчсызданышкан, Үчүнчүдөн, караламан кара-кыргыз эмгекчи өкүлдөрүн партиялык-мамлекеттик кызматка тартуу иши өтө солгун болуп жатканына жогорку партиялык жана мамлекеттик органдардын көңүлүн бурууга далалат жасашкан. Кыргыз элинин өз алдынча өнүгүшүнө шарт түзүү максатында алар коммунисттик партиядан кара кыргыздарды башка улуттар – өзбектер, түркмөндөр, тажиктер, кайсак кыргыздар менен бир катарда өзүнчө улут катары таанууну талап кылышкан. Кара кыргыз эмгекчилеринин өкүлдөрүн партиялык жана мамлекеттик бийлик органдарына кеңири тартуу маселесин коюшкан. Кара кыргыз калкынын арасында алардын өз эне тилинде маданий-агартуу иштерин жүргүзүү үчүн, окуу куралдарын чыгарууга мамлекеттик каражат бөлүүнү өтүнүшкөн. Кыргыз автоном областын куруу үчүн болгон кызуу күрөштүн экинчи этабында жергиликтүү советтик партиялык жетекчилердин ортосунда Кара Кыргыз автоном областы кайсы республиканын карамагында болушу керек деген маселеде курч карама-каршылык келип чыккан.

Худайкулов баш болгон бир тарабы жаңы областтын казак калкынын курамында курулушун жактаган. Бул кыргыз журтчулугун акырындап жүрүп олтуруп, өз алдынча элдигин жоготуусуна кириптер кыла турган өтө тобоокел жол экенин Абдыкерим Сыдыков, Ишенаалы Арабаев жана Жусуп Абдрахманов дароо баамдашкан.

Андыктан, алар областыбыздын РСФСРдин карамагында болушу үчүн кара жанын карч уруп кармашышкан. Ошентип, Жусуп Абдрахманов баштаган топ жеңишке жетишип, 1924-жылдын 14-октябрында Советтердин бүткүл Россиялык борбордук аткаруу комитети РСФСРдин курамында Кара Кыргыз автоном областын түзүү жөнүндө тарыхый токтом кабыл алган. Жусуп Абдрахмановдун жана анын жаншерик пикирлештеринин кыргыз элибиз кылымдар бою эңсеп келген өз өлкөсүнө ээ болуу максатын жүзөгө ашыруу үчүн жүргүзгөн баатырдык күрөшү ушундайча байсалдуу аяктаган.

Бүгүнкү эгемендигибиздин пайдубалы дал ошол күнү түптөлүп, Жусуп Абдрахмановдун жаштык жалынын берип, жан сабаган аракетинин алгачкы акыбети кайткан.

Сталинге багышталган кат

1920-жылдардын акырында, 30-жылдардын башталышында Кыргыз Автономиялуу Республикасы конституциялык-укуктук жагынан РСФСРга, экономикасынын мүнөзү жана географиялык жайгашуу жагдайы боюнча Орто Азия бийликтерине, ал эми саясий жактан жалпы Союзга көз каранды болгон үч кабат баш ийүүдө калган. Мындай абал жергиликтүү партиялык-советтик органдардын ишин, республиканын чарбалыкжана маданий өсүп-өнүгүшүн кыйындатып, практикада улут саясатынын бурмаланышына алып келген. Буга байланыштуу Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Советинин төрагасы Жусуп Абдрахманов эки ирээт Сталиндин өзүнө кат менен кайрылып, көрсөтүлгөн кыйчалыш кырдаалдан чыгуунун бир аргасы Кыргыз АССРин Союздук республикага айландыруу экенин далилдеген.

 Кыргызстандын тышкы саясий мааниси жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрү менен бирге калкынын 70 пайызы кыргыздардан турарын, 800 чакырымдан ашык аралыкта республика Батыш Кытай менен чектешерин баса белгилеген. Көрүнүп тургандай, Жусуп Абдрахмановдун баталгага баш байлап, улуттун тагдыры үчүн жеке турмушун тобокелге салып, тоталитардык системанын терс жактарын сындап, Сталиндин өзүнө тайманбай кат жазуусу чексиз эрдикти талап кылган.

Жалпы жагдайы Кыргызстандан эч айырмасыз коңшу Тажикстан менен Түркмөнстан союздук республика статусун жыйырманчы жылдардын кап ортосунда эле алганына карабастан, Жусуп Абдрахмановдун 1928-жылы Сталинге жазган катындагы бул демилге кийин анын ашынган улутчулдугу катары бааланган.

Акыры, 37 жашка жетпеген кырчын талдай курагында жылдыздай жанган жазыксыз жаш өмүрү өчүп, репрессия курмандыгы болгон. Азыр эрксизден эмне үчүн тоталитардык бийлик алды менен ушул Жусуп Абдрахмановдой көйкашка, көсөм адамдардын көзүн тазалаган деген суроо туулат. Демек, элди улуттук ар-намысы менен улуттук кадыр-касиетинен ажыратыш үчүн аны дээрин суутуп, рух-маданиятын жана акыл-парасатын жоюу керек болгон. Ошон үчүн ар бир элде өз улутунун интеллектуалдык рухий нарк-нускасынын даңкын чыгарып, калкынын мактанычына жана сыймыгына айланган философтор, адабиятчылар, ойчулдар, көсөмдөр эң биринчи жок кылынган.

Күндөлүктөгү жазуулардан

“Адамдын өтөгөн кызматын эч качан жокко чыгарууга болбойт. Азияга мүнөздүү жалкоолук – жергиликтүү жумушчулардын негизги кемчилиги. Бул илдетке “карыгандар” гана эмес жаштар да чалдыккан.

«Өз элимдин Кожуху (3) болгум келет. Күчүм жетеби? Билбейм, анткени өзүмдү тааныбай турам. Менде бир нерсе катуу өзгөрдүбү, өзгөрсө эмне? Дагы эч нерсе билбейм. Баш айланткан туңгуюк.

Бул айлампадан чыга аламбы? Билбейм. Эгер жардам болсо, мүмкүн чыгам. Эң жакын, жакшы, ага керекмин деп жүргөн адамым таштап кетсе мени ким колдойт?

Жийиркеничтүүсүң сен, Жусуп. Эмне үчүн башкарлардай болуп күнүмдүк өз жашооңду кура алган жоксуң? Акыркы ой-санаам – байкуш эл. Элим жашоосун уюштуруунун жетекчилигин мендей көрпендеге ишенди. Өз элинин ишеничин актай албаган мен ушунчалык эле акмакмынбы? Жок. Андай эмес!

Мен элимдин жаман балдарынан эмесмин. Ооба, жамандардын катарында эмесмин. Азырчы? Азыр акыркы бечара болуп турам. Бечара, байкушка башкаргандардын арасында орун жок. Кетиш керек, жетекчиликтен кетиш керек. Ишенимге татыктуу жана күчтүүлөрдү тандап алышсын. Жусуп М.сыз өлүк. Өлгөндөр тирүүлөрдү башкарбайт…»

«Маданий жана эс алуу багына” бардым, анда бир сааттан ашык болдум. Шапар тепчүлөр үчүн жакшы жай экен. Борбордук аткаруу комитетинин жыйналышында болдум. “Аракка бааны төмөндөтүү жөнүндө” мыйзамды өткөрдүк. Кайда баратабыз, кайда келдик?

“Чыныгы” чиновник эки жүздүү кадрлар өсүп жатышат!…” Абдрахмановдун айткандары бүгүнкү күндө да маанилүү. Биздин саясий кризистин башаты дагы тээ 1917-1938-жылдардагы түзүлгөн системада окшойт деп дагы ойлоп кетесиң. Себеби ушул жылдар аралыгындагы реформалар кыргыздын каймактарын кырып, жалаң гана кул тукумдары калгандай таасир калтырат.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *