Мусабекова: Башкы прокуратура Мадумаров кол койгон келишим боюнча укуктук баа бериши керек

Мезгил

Күч органдарынан, Башкы прокуратурадан коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, Адахан Мадумаров кол койгон документке укуктук баа берүүнү суранышыбыз керек. Бул тууралуу бүгүн Жылдыз Мусабекова Жогорку Кеңеште эл аралык комитеттинин отурумунда чек арадагы чыккан чыр боюнча өкмөттүн отчётун угуп жатып билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, 2018-жылы 26-ноябрда эки өлкөнүн чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиясы жакшы келишимге кол койгон экен. Бирок, 2009-жылы 3-мартта ошол кездеги коопсуздук кеӊешинин төрагасы Мадумаров барган дагы ошол протоколдогу 3-пункт күчүн жоготту деп кол коюп берген.

-Негизи коопсуздук кеңешинин катчысы президенттин гана өкүлү экенин баарыбыз билебиз. Ал өкмөттүн атынан сүйлөгөнгө, кандайдыр бир келишимдерге кол койгонго акысы жок. Ошондуктан мен бул протоколду тааныбайм! Мендей эле көп кыргыз жарандары бул келишимди тааныгысы келбейт. Биз комитеттин атынан бул протоколго юридикалык баа берүү үчүн тапшырма беришибиз керек.

 

Экинчиден Мадумаровдун коопсуздук кеңешинин катчысы катары  бул документке кол койгонго акысы бар беле? Буга ким уруксат берди? Ошондой эле күч органдарынан, Башкы прокуратурадан коопсуздук кеңешинин катчысы катары кол койгонго укугу бар беле деп, биздин патриот жигитибиз Мадумаровдун бул аракеттине укуктук баа берүүнү суранышыбыз керек-деди Жылдыз Мусабекова.

Кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр менен кошо Адахан Мадумаров 10 жыл мурда Баткендеги жерди Кыргызстанга 49 жылга ижарага алуу боюнча документке кол койгон деген маалыматтар дагы орун алган. Ал эми бул маалыматты Адахан Мадумаров дагы четке какпай мойнуна аллган. Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы 2009-жылы мындай кадамга жергиликтүү тургундардын ыңгайлуулугу үчүн барганын айткан.

Бирок Баткен областынын мурдагы губернатору Мамат Айбалаев учурда Тажикстан тарап дал ушул документке таянып, чыр чыгарып жатат дейт.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы кол койгон келишим юридикалык күчкө ээби? Ага жол берген жетекчилер жазага тартылабы? –деген суроо азыр коомчулуктун көӊүл борборунда.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *