Жылдыз Жолдошева Бектур Асанов жана Асылбек Текебаев тууралуу

   Мезгил.

Бектур Асанов 2010-жылы Жалал-Абаддагы митингде сүйлөгөн. Жанында турган Асылбек Текебаев сүйлөдүбү жокбу, билбеймин. Мен УКМКдан сураттырып алган видеодо 15 мүнөттүк жери жок, кимдин сүйлөгөнү белгисиз, өчүрүлүп калган. Жалал-Абаддагы өзбек улутундагы кишилер митинг учурунда телефонуна Асылбек Текебаевди тартып алган экен, ошолор беришкен мага. Мен да Жалал-Абадда гебернатордун орун басары болуп иштегенмин. Бектур Асанов бир гана улуттагы элди топтоп алып, ушундай маанидеги чогулуштарды өткөрүүнү токтотуш керек болчу.

14-майда автоматтар атылып, жарандар каза болду. Ошондон кийин да аракеттерди токтотушкан жок. Андан соң Жалал-Абадда митинг уюштургандар Ош областына келип, сепаратисттерди топтоп алып, Сабиров атындагы мектепте Кадыржан Батыров «Биз жыйырма жыл чыдадык, эми мазза кылып жашашыбыз керек. Азыр Убактылуу Өкмөт бизге күнү түшүп жатат» деп атпайбы?

Эгерде Апрель окуясы кайталанбасын десек, бийликтегилер мыйзам ченемдүү таза, адилет иштеши керек. Эгерде Ош окуясы кайталанбасын десек, бийликтегилер, саясатчылар президенттик шайлоого барабы, парламенттик шайлоого барабы, эч качан элди бөлүп жарбашы керек, сепаратисттер менен кызматташпашы керек.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *