Жылдыз Жолдошева: «Текебаевдин кетирген 3 чоң катасы»

Мезгил

Жылдыз Жолдошева: «Текебаевдин кетирген 3 чоң катасы»

Жылдыз Жолдошева жалпыга маалымдоо каражаттарынын бирине маек берип жатып Июнь окуясы боюнча Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн бир гана моралдык эмес, юридикалык да күнөөлөрү бар экенин айтып өттү. Ошондой эле Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты Өмүрбек Текебаевдин бул каргашалуу калааба туралуу 3 кетирген чоң катчылыгына токтолду.

 Өмүрбек Текебаевдин июнь окуясына тийгизген таасири тууралуу

Кечирип коёсуңар, Өмүрбек Чиркешовичтин башына оор күндөр түшүп турганда табалагандай болбоюн. Болгону ошол кезде айткан сөзүмдү кайталап коёюн. Бул окуя боюнча Текебаевдин кетирген 3 чоң катасы бар.

Түштүк коогалаңы 2010-жылы алгачкы ирет болгон жок. Ал үчүнчү жолу кайталанды.  Биринчиси – жеңил-желпирээк өткөн. Экинчиси – 1990-жылда улуу муундагы сепаратисттер автономия сурап чыгышкан. Орусия бул жерде көп маселелерди басып койгон. Үчүнчүсү – 2010-жылы сепаратисттердин балдары Кара-Суу, Өзгөндө, кайсыл жерде өзбек улутундагылар көп жашаса, ошол жерлерди автономияга киргизүү боюнча Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү менен сүйлөшүшкөн.

2014-жылы 14-майда Инамжан Абдурасулов менен Кашкар-Кыштакта эл менен жолуккандан кийин сүйлөшкөнмүн. Жанында автоматтары, тапанчалары бар, өзүнчө эле бир баатыр эле анда. Ачык эле айтты, «УӨнүн бардык мүчөлөрү менен жолуктук. Биз 5 нерсени талап кылабыз» деди. Ал эмне болгон 5 нерсе десем,

«Автономия, укук коргоо органдарында, соттордо, күч органдарында 30% өзбек улутундагылар иштеши керек, ЖКнын 30% депутаттары өзбек улутунан шайланышы керек, өзбек тили официалдуу тил болушу керек» деп жооп берди.

Убактылуу Өкмөттөгүлөр эмне деп атышат деген суроого, алар буга макул болушканын, «бир гана биздин бийликти колдоп берсеңер деп жатышат» деген жооп уктум.

УӨ сепаратисттик күчтөр менен соодалашкан. Өмүрбек Текебаев Конституциялык кеңешмеге сепаратисттик күчтөрдү мүчө кылып киргизген. Бул сепаратисттердин аталары да сепаратисттер болгон. Бул бир факты, биринчи ката.

Экинчиси – алар автономия сурап жатса Конституцияны өзбекче которуп туруп, анан таратышкан. Биз 24.kg Маалымат агенттигинде пресс-конференция бергенде Шайырбек Маматокторов муну тастыктап берген. «Менин автомашинама Асия Сасыкбаева менен БШКда иштеген Гүлнара Журабаева экөө «Ушуларды Араванга, Ноокат тарапка алып баргыла» деп таңгактарды салып берген. Ал жакка барганда карасам Конституциянын өзбекче которулган долбоору экен» деген.

Бул экинчи катасы менен өзбек улутундагыларга «Биз Конституцияны өзбекчеге которгондон кийин силерге автономия бериш оңой эле» деген үмүт берген. Ачык айтышпаса да маселеге жем таштап коюшту. Сепаратисттер Конституцияны ар бир өзбек улутундагы кишиге тапшырып жатканда «Бизге ишенгиле, керек болсо Ош окуясын кайталап болсо дагы автономия кылабыз» деди. Бул – Текебаевдин экинчи катасы.

Үчүнчү катасы – Кадыржан Батыров менен иниси раматылык Асылбек Текебаевди бириктирип, бирге митингге чыгып, андан ары барып туруп Бакиевдердин Тейиттеги үйүн өрттөдү дегенди Тейиттеги эл айтып жатат. Бул үчүнчү чоң катасы.

Тейиттеги үйлөр өрттөлбөсө балким, үчүнчү Ош окуясы болбой калат беле? Өзбек улутундагы балдарды эрчитип барышып кыргыздын намысына тийип коюшту. Жаманбы, жакшыбы Курманбек Бакиев президент болгон. Ушул 3 чоң ката боюнча Өмүрбек Текебаевге далилдерди бергенимден кийин ал албетте, чычалады.

Чычалабаш керек эле. Биз УӨнүн мүчөсү катары Роза Отунбаевадан сураганыбызда «алар автономия сураган эмес» деген. Ош ОИИБнин начальнигинин орун басары, полковник Шакир Зулумов деген өзбек улутундагы жигиттен сураганымда автономия суралгандыгын тастыктап берген. Бул тууралуу видео-отчётто бар.

Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн бир гана моралдык эмес, юридикалык да күнөөлөрү бар. Ош окуясы 2 жолу кайталанганын баары билишет. Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү биринчиден сепаратисттердин кызматына муктаж болбош керек эле.

Экинчиден, Кадыржан Батыровду Бакиевдердин үйүн өрттөгүлө деп ким тукурду? Мен Баикевдерди коргоп жаткан жерим жок. Алар менин коргоомо муктаж эмес. Бирок окуя ушуга байланыштуу өрчүп жатпайбы. Бул жерде Бакиевдин үйү болобу, башка жер болобу Кыргызстандын желеги өрттөнүп жатпайбы? Мындайда кайсыл кыргыз болбосун каны кайнап кетет.

Кыргыз эли намыстуу келет, бизди намыс сактап келген. Намыс бизди 21 кылымга жеткирди. Мындан ары да намыс эле сактайт. Атка минерлер же мыйзамдан, же кудайдан коркушпайт экен. Коррупция менен күрөшөбүз деп өч алуу айлампасына түшүп алышты, же коррупциясы токтобойт.

Акыйкаттык жеңип чыкты

Өмүрбек Текебаевге атайын тийишип, же кайым айтышкан фактылар болгон эмес. Бул видео отчёттон кийин ал мени сотко берип, 2011-жылы Октябрь райсотунан баштап соттошо баштадык. Иш Жогорку Сотко жеткенде бузуп салышат. Ал кезде Жогорку Соттун төрагасынын орун басары Гүлбара Калиева деген бар эле. Ал «Ата Мекен» партиясы тарабынан келгендиктен сотту буздуруп турган. Андан кийин биринчи инстанцияга кайрадан келип, 2019-жылы менин кызыкчылыгыма чечим чыгарылды. Ошентип, 8-9 жыл соттоштук.Чындык кашкайып видео далилдер менен турган эле. Акыйкаттык жеңип чыкты.

Булак: Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *