Зууракан Каденованын окуясына улай. Кореяда Экономика министринин коомдук кеңешчиси семинарга катышпай эле, пластикалык операция жасаткан

Мезгил. 

Социалдык өнүктүү министринин орун басары Зууракан Каденова жараткан чуу дагы деле тынчый элек. Чуулгандуу орун басардын кылыктарына кошо башка да кызматкерлердин жоруктары  ачыкталып, улам бир маалымат жарык көрүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиеванын соцтармактагы билдирүүлөрүнө таянсак, Кореяга мамкызматкерлеринин иш сапарында бир гана Каденова кыялын көрсөткөн эмес, башка да белдүү кызматтагылар убакытты өз кызыкчылыгына пайдаланышкан. Мисалы,  КР Экономика министрлигинин коомдук кеңешчиси семинарга катышпай эле, сулуулугун арттыруунун амалын жасаган.

“Ал иш сапар тууралуу өтө көп каттар келип жатат. Мага КОИКА долбоорунун катардагы кызматкерлери байланышка чыгышты. Бул сапардын алкагында соцөнүктүрүү министринин мурдагы орун басары да Кореяга барган. Кызматкерлер Кыргызстандын Экономика министринин коомдук кеңешчиси Айнура Жакыпова 10 күн эле семинарга катышып, калган убактысын көзүнүн кабатына операция жасатуу менен короткон”, – деп жазды депутат.

Сеулдун абамайданында социалдык өнүктүрүү жана эмгек министринин орун басары Зууракан Каденова ичимдик ичип алып, учактын бортунда ызы-чуу чыгарганы менен мамкызматкерлердин бул иш сапары коомчулуктун эсине жатталды.


Булак: Мезгил Ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *