1 миң 500 сомдон жасалма өткөрмө кагаздарын саткан жаран кармалды

Мезгил

Бишкек шаарында өткөрмө кагаздарын 1 миң 500 сомдон саткан жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев журналис Алымбаев Нуриске жасалма жол менен өткөрмө кагаздарын саткан жаранды кармоого жардам бергени үчүн ыраазычылык билдирди.

-Журналист Алымбаевдин жардамы менен өткөрмө кагаздарын 1 миң 500 сомдон саткан 30 жаштагы Б.Э. аттуу жаран кармалды. Ал жарандан жасалма мөөр, өткөрмө кагаздар табылды. Бул боюнча кылмыш-иши козголуп, тийешелүү органдар иш алып барып жатат –деди Орозалиев.

Эске салсак, буга чейин Ош шаарында өзгөчө абал киргизилгенден бери жасалма өткөрмө кагазды жасаган 10 факт катталып, кылмыш иши козголгон.

Кыргызстанда коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. Бул аймактарда саат 20:00 – 7:00 аралыгында көчөдө жөө адамдар да, машине да жүрбөшү керек.

Мындай шартта соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү, дарыгерлер жана айрым мамлекеттик ишканалардын кызматкерлери атайын уруксат кагазы менен жүрүүгө милдеттүү.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *