1-октябрда Бишкекте айрым мектептер жана бала бакчалар иштебейт

Мезгил

1-октябрда Бишкекте бир катар мектептер жана бала бакчалар иштебейт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. 

 Маалым болгондой,  эмки шейшембиде Логвиненко, Фрунзе көчөлөрү жана Манас проспектисинин айрым жерлеринде таза суу өчүрүлөт.

Чектөөлөр эртең мененки саат 9дан кечки 5ге чейин киргизилүүдө.

Андан улам №70 мектеп, Бишкек техникалык колледж, Абдраев атындагы музыкалдык мектеп,  №47, 115 жана 184 бала бакчалар 1 күнгө жабылат.

Ал эми ооруканалар сууну запастап алышат, андыктан иши үзгүлтүккө учурабайт.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *