12-июндан тарта Бишкек-Ош-Бишкек каттамы күнүгө эки жолу жүргүзүлөт

  Мезгил

12-июндан тарта «Бишкек-Ош-Бишкек» маршруту боюнча жүргүнчүлөрдүн үзгүлтүксүз ички каттамдары күнүнө эки жолу жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Манас» Эл аралык аэропортунун» басма сөз кызматынан  билдиришти.

Маалым болгондой, каттамдарды «Тез Жет» ата мекендик авиакомпаниясы ишке ашырат.

Каттамдардын жүгүртмөсү (учуу):

– Бишкектен – 08:00; Оштон – 09:30 (таңкы каттамдар);

– Бишкектен – 15:15; Оштон – 16:45 (күндүзгү каттамдар).

Авиабилеттерди сатып алуу боюнча жүргүнчүлөр алдын ала авиакомпаниянын өкүлчүлүгүнө кайрылуусу керек.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *