140 миң сом. Бет капсыз сүрөткө түшкөн өкмөт мүчөлөрүнө айып пул салынды

   Мезгил

Бет капсыз сүрөткө түшкөн өкмөт мүчөлөрүнө айып пул салынды. Бул тууралуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана оорулардын алдын алуу борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өкмөт мүчөлөрүнө 140 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Жалпы 28 чиновникке айып пул салынды. Анын ичинде өкмөт башчы Кубатбек Боронов, мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев,  вице-премьер-министр Аида Исмаилова, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, вице-премьер-министр Акрам Мадумаров жана башкалар бар.

Белгилей кетсек беткапсыз сүрөткө түшкөн өкмөт мүчөлөрүнө бузуулар кодексинин 150-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык ар бирине 5 миң сомдон айып тагылды.  Жамааттык сүрөттө 124 адам түшкөн, анын ичинен экөөндө беткап бар.

Эске салсак 17-июнда Өкмөт үйүндө премьер-министрдин ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү расмий иш-чарасы өткөн. Анда өкмөт мүчөлөрү бет кап тагынбай, аралыкты сактабай сүрөткө түшкөн. Бул коомчулукта катуу талкууга алынган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *