166 түрдүү товардан жеңилдетилген бажы алымдары алынып салынат

   Мезгил

Келерки жылдан тарта, тагыраагы 1-январдан баштап ЕАЭБдин алкагындагы өлкөлөргө кирчү 166 товардан жеңилдетилген бажы алымдары алынып салынат. Мисалы азыр бир автоунааны чек арадан алып кирүү үчүн кошумча нарк салыгына 500$ төлөп жатышкан болсо, 1-январдан тартып 5 000$ төлөй башташат. Ортодо ишкерлерге оор болуп калат.

Ал эми 166 аталыштагы товарлар кайсылар экендиги тууралуу өкмөт азырынча толук маалымат тарата элек. Бул учурда автомашинага болгон бажы жеңилдиктерин калтыруу боюнча сунуш айткандар да болду. Бирок мунун ишке ашары күмөн болуп турат. Маселени Кыргыз Өкмөтү эмес, ЕАЭБ чечери маалым.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *