17-май. 21 адам коронавирустан айыкса, 21 адам жуктурду

  Мезгил

Кыргызстанда 17-майга карата коронавирус жуктурган  21 учур катталды.  Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 138 адамга жетти.

“Чет жактан кыргызстандыктар келип жаткандыгын билесиздер. Санк-Петербургдан келген 10 жарандан коронавирус табылды. Учурда алар дарыланууда”, – дейт ал.

Ал эми 21 жаран коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты.

Анын айтымында, республика боюнча жалпы 804 бейтап илдеттен айыкты.

“Бишкек шаарында 11, Ош шаарында 2, Ош облусунда 2, Баткен облусунда 3 жана Нарын облусунда 3 жаран коронавирустан сакайды”, – дейт ал.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *