2,5 жыл мурда шайлоого 9 % киргизилгенде уктап жаттыңар беле?

  Мезгил

Мындан эки жарым жылдай мурда же 2017-жылы 31-майда “Кыргыз Республикасынын президентин жана КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, анда башка бир катар алымчалар, кошумчалар менен бирге парламенттик мандаттарды бөлүштүрүүгө 9 пайыздан ашык добуш алган партиялар гана катыша ала тургандыгы жөнүндө норма киргизилген. Ал убагында эл өкүлдөрүнүн арасында эч кандай талаштарды, кыдың-кудуң кептерди жараткан эмес, 120 депутаттан жүздөн ашыгы аны колдоп добуш беришкен.

Бирок, эми эл өкүлдөрүнүн арасында кезектеги парламенттик шайлоого бир жылга жакын убакыт калганда ал маселе кызуу талкууланып, ал норманы кайра кароонун зарылчылыгы айтыла баштады. Айрым эл өкүлдөрү ал босоголук чекти 5 же 7 пайыздык чекке түшүрүү жөнүндө атайын мыйзам долбоорун да даярдап коюшуптур. Эмне үчүн?

Себеби, бирөө эле. Анда аларга алдыдагы үч жыл өтө эле узак убакыттай көрүнүп, “ага чейин ким бар, ким жок, дагы эмнеси болуп кетет”- деген мааниде кабылданса, ал норманын өздөрүнүн саясый тагдырларына түздөн-түз тиешеси бар экендигин эми толук түшүнүшүп, селдин жакындап калгандыгын сезген чычкандардай, тынчтары кете башташты. “Жамандын акылы дайыма түштөн кийин кирет” дегендин бир көрүнүшү ушул болот. Эгерде алар босоголук чекти ордунда калтыруу, же 7 пайыздан да төмөндөтүү боюнча ошондо активдүүлүктөрүн көрсөтүшсө, азыр мындай маселе көтөрүлмөк эмес. Же алар Атамбаевдин каарынан, аласалмасы кармаганда эч кимди аябас мүнөзүнөн коркушкандан улам убагында кыпчынып отурушуп, эми кыстай баштаганда сүйлөгөнгө мажбур болушуп атабы?

Дүйнөлүк тажрыйбада кандай?

2015-жылдагы парламенттик шайлоодогу босоголук чек 7 пайыз эле, анда 6 партия парламентке өткөн. Алардын ичинен “Ата-Мекен” менен “Бир Бол” араң илинишкен. Эгерде ошондо 9 пайыздык тосмо болсо, алар Жогорку Кеңештен сырткары калышмак.

Парламенттеги 6 фракция ар кимиси өз алдынча идеяларга, идеологияларга негизделген чыныгы саясый партиялардан болушса, мындай шартта Жогорку Кеңештин ызы-чуулардан, талаш-тартыштардан башы чыкмак эмес. Биздин менталдык өзгөчөлөгүбүз, саясат жөнүндө түшүнүгүбуз ошондой. Айрымдар түз жерден туураланып, бүтүп бараткан нерсени жыга тартып турганды чыныгы саясат деп эсептешет. Бирок, алар мандат алуу үчүн келишкен, көпчүлүгү шайлоодо гана бири-бири менен таанышкан, мандаттарын сактоо үчүн бардыгына барганга даяр турган адамдардан болушкандыктан парламент салыштырмалуу туруктуу болду.

Ал эми парламентте 2-3 партиянын өкүлдөрү гана болуп, алардын бири басымдуу болбосо да салыштырмалуу көпчүлүктү түзсө, ал өлкөдөгү саясый туруктуулук, чечимдерди кабыл алуудагы оперативдүүлүк үчүн эң оптималдуу вариант экендигин дүйнөлүк тажрыйба ырастап келет.

Алсак, бир нече кылымдык парламенттик тажрыйбасы бар Улуу Британияны жүздөгөн жылдардан бери консерваторлор, либералдар, лейбористтер эле алмак-салмак башкарып келатышат. Эгерде бири басымдуу көпчүлүк добушка ээ болбой калса, экинчиси менен коалицияда өкмөттү түзөт. Үчүнчүсү оппозицияда калат.

Ал эми АКШны өлкө негизделгенден бери эле эки партия алмак-салмак башкарууда. Японияда, Германияда, Индияда, Канадада деле негизинен ошондой. Эл кайсыл партиянын кандай убадалары, сапаттары аркылуу бийликке жетишерин алдын ала эле билип турушат.

Эң негизгиси, бийликке аралашкан партиялар канчалык аз болсо, башкаруу иштеринде туруктуулук ошончолук ишенимдүү, өкмөт да күчтүү, натыйжалуу болуп, кризистик абалдан тез чыгары дүйнөлүк практикада далилденген. Анын классикалык мисалы катарында Улуу Британиядагы 1940-1941-жылдарда У.Черчилль жетектеген өкмөттү көрсөтүүгө болот.

Партиялар биригип, ирилешүүлөрү зарыл

Ал эми бизде бул жаатта толук башаламандык. Кыргызстанда 215тен ашык партия болсо, алардын эң кеминде 50гө жакыны парламентке келүүнү, лидерлеринин дээрлик бардыгы президент болууну эңсешет. Шайлоолордо партиялардын идеологиялары, убадалары, саясаттагы, башкаруу иштериндеги тажрыйбалары эч кандай деле роль ойнобойт. Кимиси көп акча чачса, ошолор гана өтөт.

Эң жаманы, бизде “бир жолку пайдалануучу идиш” дегендей, бир жолу чоң жеңишке жетишип, анан кийин тарыхтын таштандысына ыргытылган партиялар да болууда. Мурда алар “Алга, Кыргызстан!”, “Ак жол” болсо, эми алардын катарын кийинки парламенттик шайлоодо бир эмес, бир нече партия толуктаганы турат. Эгерде алардын катарында идеялардын, идеологиялардын негиздеринде чогулгандар болсо, алар орду түбү менен жок болуп кетмек эмес. Азыркы бийликтегилер шайлоого жакын калганда партия түзүп, биротоло бөлүнүп чыгып кетип калышса, алардын катарына КСДП кошулуп калышы да мүмкүн. “Бир жолку пайдаланылуучу партиялардын” катарларын дагы көбөйтпөө, бийликтин, байлардын партиялары калгандарды перманенттик түрдө четке сүрө бербеши үчүн эмне кылуулары керек?

Биринчи кезекте алар биригүүлөрү, ирилешүүлөрү зарыл. Бул биздин шартта практикалык жактан мүмкүн эмес, бирок ошондой болсо да элестетсек, эгерде дайыма аутсайдер болуп жүрүп, бир күнү саясый аренадан биротоло жоголгондон көрө 4-5-ролдордо болсо да саясый турмушта жашаганды артык көргөндөрдүн бардыгы болбосо да көпчүлүгү биригишсе, аябагандай эле чоң саясый күч болушмак.

Тогуз пайыздык босого чектин негизги пайдалуу жагы – прагматиктик жагынан айрымаланган, өлкөнүн саясый турмушунда номиналдуу түрдө эмес, реалдуу жашагылары келгендерди акырындап биригүүгө мажбурлайт. Анан 40-50 партия шайлоолорго катышат деген – бул, тилекке каршы, демократиянын балалык оорусу. Анча партиянын программалары түгүл, аттарын деле элдин көбү уккусу да, билгиси да келбейт. Тогуз пайыздык тосмо биздин саясый турмушту тезирээк өсүп, балалык курактан тезирээк чыгып, эртерээк эр жигитке айланууга мажбурлайт. Ал эми биздин шартта партиялардын биригип, ириленип, экөөсүнүн же үчөөсүнүн эле өтүүсүнүн пайдалуу жактары кайсылар?

Босоголук чекти көтөргөндүн пайдасы кандай?

Бизде: “канчалык босоголук чек төмөн болуп, парламентке ошончолук партиялар көп өтсө, ал парламентаризмдин өнүгүп бараткандыгын айгинелейт”- дегендей жаңылыш ойлордо жүргөндөр көп. Чындыгында андай эмес, адамзат жаралгандан бери дүйнөдө күчтүү 4-5 эле идеология жаралды. Алар либерализм, консерватордук, коммунисттик, улутчулдук, динчилдик, жашылдык, фашисттик идеологиялар эле.

Калгандары ошолордун тегерегиндеги, аларды туурап, же келечек үчүн күрөшүү үчүн эмес, күндөлүк бир нерселерди чечүү, же өзүн бир партиянын лидери деген ардактуу наамга ээ кылуу үчүн эле түзө салышкан. Аты улук болгон менен супаралары курук андай партиялардын аттары лидерлеринин анда-санда маалымат жыйындарын өткөрүп, шаңдуу билдирүүлөр менен чыгып турганга дареметтери жетпей калганда, же лидеринин “лидерликке” сыймыктануусу азайганда эле саясый аренадан өчөт.

Мурда элдин бир бөлүгү андай шаан-шөкөттөргө анча-мынча азгырылса, азыр көңүл да бурбай калды. Бул өңүттөн алганда, башкалардай эле бизде да улуттук деңгээлде 6-7 партия болсо, ашыгы менен жетишет. Ал эми биздегидей лексикабызда кооз сөздөр канча болсо, ошончо партияны түзүп алган көрүнүш дүйнөдө сейрек, банан өлкөлөрүндө гана болушу мүмкүн. Бул тамаша эмес, реалдуу чындык, жаңы партияларды түзгөнгө жарытылуу ат да калбай калды.

Ат жетишпегенден айрым партиялар кийим кечектен тартып, паренделердин аттарына чейин коюп алышты. Саясый процесстер азыркыдай өнүгө берсе, жакында “Ак көйнөк”, “Ак чепкен”, “Кумшекер”, “Бүркүттөр”, “Айгырлар”, “Турналар” деген аталыштардагы партиялар да пайда болушу ыктымал.

Демек, саясый системабызды дүйнөлүк стандарттарга ылайык келтиребиз десек, партиялардын сандарын азайтып, сапаттарын жакшыртууга тартынбай бет алуубуз керек. Анын эң негизги жолу – бул парламентке босоголук чекти көтөрүү болуп саналат.

Босоголук чекти көтөрүүнүн реалдуу пайдалары

Азыр босоголук чекти төмөндөтүү жөнүндө талап кылып жаткандар кимдер?

Биринчиден, өздөрү шайланып келген партиялардын 7-чакырылыштагы парламентке кирбей калышына көздөрү жетип, “кокус босоголук чек төмөндөтүлсө, өтүп кетишибизге мүмкүнчүлүк ачылат беле”- деп сарсанаада жүргөндөр. Алар дилдеринде босоголук чек 5 пайызга түшүрүлсө деле өтүшөрү кыйын экендигине көздөрү жетип турат, бирок Майрам эжекебиз айткандай, үмүттүн шооласы оңой менен өчпөйт, азгырып, жазгырып жанып тура берет тура.

Экинчиден, бир партияны “жашылбайларга” чиркеп, өздөрү сүйрөп парламентке киргизип, аздан да болсо мандат алып, кадрдык чоң чечимдерге таасир кыла алышпаса да өздөрүнүн бизнестерин өнүктүрүп, коргоп жүргөн күркүлдөр кайрадан беш-ондон да болсо мандатка ээ болуп, ошол иштерин улантууну көксөшүүдө. Алар 9 пайыздык чектен жалаң акчанын күчү менен секирип өтүү кыйындыгын, ал үчүн жер-жерлерде бекем социалдык таяныч болуусу керектигин сезип турушат.

Мына ушул өздөрүнүн жекече кызыкчылыктары үчүн талап кылып жаткандарды эске албаганда босоголук чектин 9 пайыздык бойдон калуусу эл, мамлекет, партиялык системанын өнүгүшү үчүн аябагандай пайдалуу болуп саналат. Ал аттары болгон менен заттары жок, мүчөлөрүнүн баарын жыйнаса бир автобус толбогон жер жайнаган партия атмайлардан эмес, кандай убакта болбосун туруктуу социалдык базасы, ишенимдүү электораты бар партиялардын жаралуусунан көрүнөт.

Бизде 215 партиянын ордуна АКШдагы демократтар менен республикачылдардай, же Англиядагы консерваторлор менен либералдардай эки-үчтөн партия болсо кубанмакпыз. Анткени, чыныгы парламентаризмди жайнаган күнкарамалар эмес, аз болсо да күчтүү, саясый коньюктураларга моюбай, дайыма идеясы, идеологиясы үчүн күрөшүп, аларга элди ишендирип, аркаларынан ээрчите алган партиялар гана жарата алышат. Алар менен президент да, өкмөт да чындап эсептешет, жалтактап чоочулап турушат. Бийликке карата чыныгы оппозиция ошондо гана пайда болот.

Идеяга, идеологияларга негизделген партиялардын ортосунда убактылуу компромисстер, биргелешүүлөр болушу мүмкүн, бирок аларды сатып алганга, коркутуп бир нерсеге мажбурлаганга мүмкүн эмес. Ошондо гана парламенттик көпчүлүккө бекем таянган күчтүү өкмөт жаралат, ал ар майда фракциянын көзүн карап жалтактап турбайт, кадрдык маселелерди өзү чечет.

Парламентке гана эмес, президентке да сөзү өтүмдүү болот. Азыр парламент жетим балдардын бириндеген топторунан куралгандай таасир калтырса, ага эки-үч партия кирип, бири көпчүлүктү же чечүүчү массаны түзгөндө гана монолиттей күчкө айланат. Бийликтин бардык бутактары туруктуу, ишенимдүү болуп, алардын ортосунда тең салмактуулук жарала баштайт. 4-5-6-чакырылыштагы парламенттердей өкмөттү бирөөнүн кучунашы кармаганда эле өзгөртө бергенге мүмкүн болбой калат.

Ал, албетте, көчө саясатчысынын деңгээлинде болсо да көзгө түшүп жүргүсү келгендерге жакпаган менен элге, мамлекетке, экономикабыздын жана социалдык чөйрөдөгүлөрдүн өнүгүүсүнө пайдалуу экендиги талашсыз. Анткени, бизди өңкөрүштөр менен төңкөрүштөр, баш аягы көрүнбөгөн ызы-чуулар гана артка тартып келе жатат…

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *