2-апрель. Кыргызстанда коронавирус жуктургандардан саны 116 га жетти. Алар кайсы райондордон?

   Мезгил

Бугүн 2-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту дагы 5 адам жуктуруп алды. Бул тууралуу  Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов онлайн жыйында билдирди. 

Катталган 5 жаңы учурдун ичинен Ош облусуна караштуу Ноокат районунда – 2 адам, Ош шаарында – 1 адам жана Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында – 2 адам бар.

Анын айтуусуна караганда, Кыргызстан боюнча жалпы коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 116 кишиге жетти.

Жалал-Абад облусунда жалпы 54 адам:

– Сузак району — 48;

– Ала-Бука району — 3;

– Аксы району — 1;

– Жалал-Абад шаары — 1;

– Кара-Көл шаары — 1.

Ош облусу боюнча жалпы 40 адам:

– Өзгөн району — 3;

– Кара-Суу району — 8;

– Ноокат району — 19;

– Ош шаары — 10.

Чүй облусу боюнча жалпы 5 адам:

– Москва району — 1;

– Аламүдүн району — 2;

– Сокулук району — 1;

– Кант шаары — 1.

Ысык-Көл облусу жалпы 2 адам:

– Түп району — 2.

Баткен облусу жалпы 3 адам:

– Баткен району — 1;

– Кызыл-Кыя шаары — 2.

Нарын облусунда жалпы 4:

– Нарын шаары — 4 учур.

Бишкек шаарында 8 адамдан коронавирус аныкталды.

Мезгил ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *