2019-жылы мамлекет кызматкерлеринин иш сапарларына 1млрд сом сарпталган

   Мезгил

2019-жылы мамлекет кызматкерлеринин иш сапарларына 1млрд сом сарпталган. Былтыр мамлекеттик бюджеттин кирешеси 167 миллион 182 миң 900 сомду, республикалык бюджеттин кирешелери — 148 миллион 254 миң 600 сомду, ал эми жергиликтүү бюджеттердин кирешелери — 21 миллион 899 миң 800 сомду түздү.

Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Мамлекеттик бюджеттен жалпысынан 167 миллион сомго, республикалык бюджеттен — 149 миллион сомго, жергиликтүү бюджеттерден — 21 миллион сомдон ашуун каражатка төлөөлөр жүргүзүлдү Ал эми бюджет тармагындагы кызматкерлердин кызматтык иш сапарларына 1.2 млрд сом жумшалган. Республикалык бюджеттен дээрлик 1 млрд сом, жергиликтүү бюджеттен – 231 млн сом бөлүнгөн. Өлкө ичиндеги иш сапарларга – 757.2 млн сом, чет элдик иш сапарларга – 503 млн сом бөлүнгөн.

Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча, республикалык бюджеттин тартыштыгы 853 миң 871 сомду түздү. 2022-жылы мамлекеттик карызга болгон пайыздык төлөө 9,8 млрд. сомду түзөт. Капиталдык салымдарга, стимулдук грантка, мамлекеттик инвестицияларды каржылоодогу чыгашалар 2021-жылы 4,9 млрд сомду, 2022-жылы 7,6 млрд сомду түзөт. Мамлекеттик тышкы инвестициялардын чыгашасы (грантты кошкондо) 2021-жылы 21,7 млрд сомго, 2022-жылы 14,2 – млрд. сомго жетиши күтүлүүдө. Бюджетте ушунча тартыштыктар болуп жатса ушунча акча сарпташтын кереги бар беле деген суроо туулат.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *