2019-жылы республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 167,3 млрд. сомду түздү

   Мезгил

2019-жылы республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 167,3 млрд. сомду түздү. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 13-майда Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Анын айтымында бул 2018-жылкыга караганда 18 млрд. сомго көп. Ал эми бюджеттин таңсыктыгы 853 млн. сомду түзгөн.

Премьер-министр былтыр өкмөт тарабынан ишке ашырылган бир катар долбоорлор боюнча маалымат берип, Кумтөр, Жерүй жана башка алтын кендеринен мамлекеттик бюджетке түшкөн акча көбөйгөнүн белгиледи.

Абылгазиевдин айтымында, былтыр жергиликтүү бюджеттердин да өлчөмү көбөйгөн.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *