2020-2021-окуу жылы кандай шартта башталары азырынча белгисиз

   Мезгил

Коронавирустан улам 2020-2021-окуу жылы кандай шартта башталары азырынча белгисиз. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 22-июндагы брифингде айтты.

Анын айтымында чечим кырдаалга жараша кабыл алынат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда мектептер, окуу жайлар март айынын ортосунда жабылып, апрелден баштап окутуу онлайн жүргүзүлгөн. Сынактар да онлайн ыкмада тапшырылып, окуу жылы аяктады.

Кыргызстанда коронавируска кабылгандар алгач 18-мартта аныкталган. Андан бери илдетти жуктуруп алгандардын саны 3356га жетип, 40 киши көз жумду, 2021и сакайды.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *