«2020 – Россия жылы», «2021 – Индия жылы» болсо, «Качан оңолобуз?” деген жыл качан болот?

   Мезгил

Кыргызстанда келе жаткан 2020-жылды «Россия жылы» деп жарыялоо пландалууда. Бул тууралуу маалымат Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Россиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко менен жолугушкан учурда белгилүү болгон. Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз тарап 2020-жылы Орусияда «Кыргызстан жылы», Кыргызстанда «Россия жылы» деп жарыялоо жөнүндө мамлекет башчыларынын макулдашууларынын алкагында атайын уюштуруу комитети түзүлгөнүн да маалымдаган.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушуу учурунда “Эки өлкөнүн байланыштары – стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыгып жатканын эске алуу менен 2021-жылды «Кыргызстан менен Индиянын достук жана маданият жылы» деп жарыялоону пландоодобуз. Индия менен стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө бар болгон дараметибизди жумшоого даярбыз” деген.

Мурда жыл аталыштары ит, кара кийик, балык, жолборс, тоок, чычкан ж.б. деп жаныбарлардын атынан аталып келген экен. Эми президент баш болуп «Аймактарды өнүктүрүү жылы» деп атап, ал жылда белгиленген иштер аткарылбай калса кийинки жылды да аймактарды өнүктүрүүгө арнап келет. Ал эми Манастан Чубак кем бекен дегенчелик кылып, өкмөт башчы да келерки жылды орустарга арнаганы турат. Ансыз деле Кыргызстанда, Кара-Балтада Путиндин ысмы ыйгарылган чоку бар. Бу, берешендик жагынан кыргыздар бейиш эмеспизби. Кытайга Үзөңгү-Куушту белек кылып берип, казактарга Каркыра жайлоосун кертип бергенбиз. Эми орустарга да жер берели десек чек араларыбыз чектешпейт экен. Ансыз деле аларда жер кенен, бирок, тегиз талаа, тоолору аз. Анан бөктөрө кетмек беле деп туруп бир опол тоону белек кылып көтөрө чапканбыз. Путин мыйыгынан гана жылмайып тим болгон.

Деги, ушинтип жылдарга ат берип олтурсак келечек муундарыбыз 2005ти – «Акаев качкан жыл», 2010ду – «Бакиев кубаланган жыл», 2019ду – «Атамбаев Кой-Ташта коргологон жыл» деп календар катары билип калышабы?

Белгилей кетсек, 2018-жыл – «Аймактарды өнүктүрү жылы” 2019-жыл – «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы» деп жарыяланган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *