2020-жыл тарыхтагы өтө ысык жылдырдын катарына кирээри болжолдонууда

   Мезгил

   Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюму (БДМУ) 2020-жыл тарыхтагы өтө ысык алдынкы беш жылдын катарына кирээрин болжолдошууда.  Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

 Маалымдалгандай, Европа жана америкалык маалымат базаларындагы көрсөткүчтөргө ылайык, май айы аба ырайына байкоо жүргүзүлгөндөн берки эң ысык мезгил болду. 2020-жыл аптаптуу ысык катталган алдынкы беш же он жылдын катарына кирет деп ишенимдүү айтууга болот.

 Адистердин талдоосу учурдагы аба ырайына жана температура кескин көтөрүлгөн жылдардагы көрсөткүчтөргө негизделген. Аптаптын узак убакытка созулушуна ысыкты сактоочу парник газдарынын атмосферада кармалып турушу себеп болгонун изилдөөлөрдүн жыйынтыгы ырастаган.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *