Мындан ары куудулдардын сахнадагы программасы текшерүүгө алынат

   Мезгил

 Мындан ары  куудулдардын сахнадагы программасы текшерүүгө алынат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министринен билдиришти.

Маалым болгондой, көркөм эксперттик комиссия куудулдардын сахнадагы программаларын текшерүүгө алат. Аталган комиссия  мындан ары алардын программаларын дыкат карап, сахналык маданиятка ылайык келбеген сатираларга чара колдонуу боюнча иш алып барат.  

Буга чейин соцтармактын айрым колдонуучулары айрым куудулдарын чектен ашкан тайкы тамашаларына нааразы болуп, министрликке жамааттык кат жолдошкон. Анда куудул Тынар Курбаналиевдин чыгармачылык сатирасына карата чара көрүү жөнүндө кайрылуу жазылган.

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *