Азиз Суракматов: Мен эмне 150 миллионго башым менен жооп берейинби?

   Мезгил

Бишкек мэриясынын КМККБ жетекчиси Ренат Айтымбетов “Мурас-Ордо” конушундагы мектептин курулушун бүтүрүү үчүн кошумча 150 млн сом каражат талап кылынары тууралуу билдирди. 2016-жылы курулушка деп 111 млн сомдук тендер жарыяланып, ал эми 2018-жылы кошумча 24 млн сомдук келишимге кол коюлган. Долбоорго жалпы жонунан 119 млн сом жумшалган. Подрядчиктин бюджет алдында карызы – 7,5 млн сомго барабар болгон.

Мурда 5,6 миң чарчы метр аянтка 1 кабаттуу мектеп курулушу пландалганболчу. Кийин жер кургатылгандан кийин подрядчик аянтты чоңойтууну суранган. Жер төлөсүнө устакана, окуу класстары, ашкана, спортзал жайгаштырлып, долбоорду чоңойтууну сунуш кылышкан. Мектептин жалпы аянты 3 миң чарчы метр болуп калган.

Ал эми мэр Азиз Суракматов долбоордун көбөйүп кетишине кызыгып карап чыгып, бирок, бирөө безгегине сайгандай секирип чыкты.

“Мен эмне 150 млн сом берип туруп, анан башым менен жооп берейинби? Силер 111 млн сомго эле кургула. Ал эми 3 миң квадратты кийин өзүнчө курабыз. Тендер боюнча курулуш жүрсүн, анан улам өзгөртө бербей. “Калыс-Ордо” конушундагы мектеп силерге сабак болгон жокпу? Кой, саатыңарды башка жакка барып чыкылдаткыла”, – деди Суракматов.

Азыр абакта жаткан, мурдагы Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов “Калыс-Ордо” конушунун мектебине ТВЕА компаниясы бөлгөн 2 млн доллардык гранттык акчаны мыйзамсыз пайдаланган, ал эми Албек Ибраимов курулуштун бүтүшүнө кошумча 104 млн сомду Бишкек мэриясынын казынасынан бөлгөнү үчүн жооп берип жатышат. Кыязы булардын иши учурдагы мэр Суракматовду эми чочутуп, безгегине эми сайды көрүнөт. Бул учурда Мурас-Ордо конушунун окуучулары Калыс-Ордонун эски мектебине автобус менен ташылып келинип, окутулуп жатышат.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *