Эгиз кайрыктар Суран менен Айжанат: Чоң сахнага аттандык

  Мезгил

Кыргыз эли өнөр адамдарына бай эл эмеспи. Кыргыз шоу-бизнесинде кош жылдыздар улам барган сайын көбөйүп баратканы байкалууда. Албетте бул көңүл  сүйүнтпөй койбойт. Жакынкы убактан бери эгиз кайрыктар Суран Садыбакасов, жана Айжанат Асылбекова деген ысымды элге таанытып күйөрмандардын купулуна толуп келе жаткан чактары. Бүгүнкү биздин маек төрүбүздүн коногу дал ушул дуеттер  болмокчу.

Саламатсыздарбы? Жакында алгачкы тушоо кесүү концертиңиздерди тартуулоонун алдында турасыздар алгач сөздү ушул туурасында баштасак…

Суран: Саламатсыздарбы. Ооба, буюрса жубайым экөөбүз чоң сахнага аттанууга билек түрө киришип, алгач элдин батасын алалы деп 25-26-ноябрда  Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында  “Эл ичинде эгиз кайрык” аттуу  алгачкы тушоо кесүү концертибизди бергени турабыз. 

   

Айжанат: -Өзүбүз биринчи жолу жон терибиз менен  концерт берүү, анын түйшүгү канчалык кыйын экенин сезип жатабыз. Ошол эле учурда    толкунданып да турган учурубуз.Чоң жүк, жоопкерчилик мойнубузга жүктөлүп бир ордубузга тура албай айтор чуркап  иштеп жаткан чагыбыз.

-Жакынкы убактан бери шоу чөйрөсүндө Айжанат Суран деген ысымдарды тааныта баштадыңар, бул убакка чейин эмне менен алек элеңиздер?

Суран: –Мен буга чейин деле 10 жыл болуп калды эл аралап аккордеон менен ырдап кызмат кылып жүргөм. Бирок шоу дүйнөдөгү эл арасында көрүнүп, көрүнбөй эле жүрө бербей буюрса келинчегим экөөбүз чоң сахнага аттаналы деп чечтик. Келинчегим болсо уул, кыздарыбызды төрөп тарбиялап үйдө болчу. Бир  жыл болуп калды, бизди колдоп,  жетектеп алып жүргөн Анара Шаимкулова эже менен чындап бел байлап чыгармачылыкка киришип, түгөйлөр Суран Айжанат деген  аталыш менен дует болуп чыга баштадык. Анара эжеге ыраазычылык, биздин эл арасында атыбыз тааныла баштаганына ошол кишинин салымы чоң.

Айжанат. -Суран айткандай  мен бул убакка чейин балдар менен үйдө отурдум. Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда билим алып  андан кийин консерваторияда Улукмырза Полотов агайдын колунан сабак алып ал жакты аяктагандан кийин  ошол балдар менен үйдө алпурушуп калдым. Болбой эле өнөргө ыктагандан кийин, ушул өнөрдүн окуусун окуган соң, эл алдына чыгып ырдагым келчү. Мына ошол максаттарымды буюрса ишке ашыралы  деп   жолдошум  экөөбүз Каныкей Эралиева, Атайбек Бөдөшов агайыбыз сыяктуу, Анарбек Ибраев Тамара Исабекова ушундай эгиз кайрык эже-агаларыбыздай болуп биз дагы бир үйдөн эгиз кайрык болуп элге таанылып, өз чыгармачылык дараметибизди тартуулайлы деп чыккан кербезибиз.

-Кантип таанышып түгөй болуп калдыңыздар эле?

Суран: Биз Мураталы Күрөңкеев атындагы окуу жайында окуп жүрүп таанышып,  ошол жерде кыз-жигит болуп, бири-бирибизди жактырып бир үй бүлө  куруп, түтүн булатып калганбыз. Кудайга шүгүр, азыр бир кыз, үч уулдун ата-энеси болдук. Бизди негизинен өнөр тааныштырды десек болот.    

 -Сиздерди чыгармаңарды элдер кандай кабыл алышууда көбүнчө кандай сын пикирлерди айтышат?

Айжанат: Албетте иш болгон жерде сын да болот деп коет го.  Анын сыңарындай биздин чыгармачылыкка да ар кандай сындарды айтышат. Кудайга шүгүр, көпчүлүгү алкоо сөздөрүн айтып калышат. Жакын тууган, дос, тааныштардын сындарын кеп кеңештерин угуп турабыз. Эгер сындар туура айтылса, аны кабыл алабыз албетте. Негизинен биз чыгармачылыгыбызга өтө кылдаттык менен мамиле кылабыз. Жеңил желпи ырларды аткарбаганга аракет кылабыз. Коомчулуктун талабын да көңүл сыртында калтырбайбыз дегендей.  Кудайга шүгүр, биздин чыгармачылыкты колдоп коштоп турган күйөрмандарыбыздын жакшы сөздөрү бизди ого бетер шыктандырып, кубаттанып иштеп жаткан учурубуз.   

 -Ыр тандоодо көбүнчө эмнесине көңүл бөлөсүздөр?

Суран: -Чыгарманын эң биринчи сөзү менен обонуна көңүл бөлөбүз. Биз дуеттик чыгармаларды аткарып жаткандыктан “Эл ичиндеги эгиз кайрык” аталыштагы түгөйлөр Суран Айжанат болуп жаткандан кийин жуптарга ылайыктуу дуеттерди көбүнчө издеп, ошондой ырларга басым жасадык. Ата-эне, туулган жер, бир тууган, сүйүү, бала жөнүндө дээрлик керектүү тематикадагы ырлардын баары эле биздин репертуарда бар десек жаңылышпайбыз.

-Чыгармачылык сиздерге эмнени үйрөттү?

Айжанат: Негизи чындап белсенип иштеген кишинин эмгегин көргөн адамдар жаман деп айтпайт экен.  Кудайга шүгүр,  үй бүлө күттүк, балалуу болдук андан башка турумуш тиричиликтин убактысын өткөрдүк.  Бирок, азыр эми акыркы бир жылда бир альбомго жетээрлик ырларды, дуеттерди  жаздырдык. Андан сырткары концертке даярдык көрүүнүн аркасында   көйнөктөрдү тиктирдик. Негизгиси бир жылдын ичинде  адамдар менен кандай сүйлөшүүнү,  жумушту эмгекти кандай ирээттөөнү, чоң сахнага чыгуунун жолдорун үйрөнө алдык десек болот.

Тойлордо да кызмат кылсаңыздар керек?

Суран: Албетте кыргыздын ырчыларын негизи жакшылык тойлор багат.  Тойлор элге  таанылуунун бир булагы болсо,  экинчиден киреше табуунун булагы тойлор болуп калды. Биз деле элден калбай, эл арасында жакшылыктарда кызмат кылып жүрөбүз.

 -Ырчылардын түйшүгүн бир топ  эле эмеспи.  Андыктан  сиздер элге кызмат кылып жүргөн учурда балдарыңыздарды ким карайт?.

Айжанат. Биздин балдарыбызга каралашкан  ата-энелерибиз бар. Балдарыбызды эки экиден бөлүп Нарында экөөсү Токтогулда болуп, айтор ата- энелерибиз аябай көмөктөшүп келишет.  Алар бизге чындап баталарын берип, аракетибизди колдоп,   ушул учурда каражат, убакыт жагынан дагы  балдарыбызды кароо жагынан болобу  аябай көмөк көрсөтүп колдоп батасын берип тураган  учуру. Мына ошолор бар биздин бактыбыз бар. Алар бизди дайыма  ар тараптан колдоп турушат. Кудайга ыраазыбыз. Алар биздин бактыбызга аман-эсен болушун тилейбиз.  

-Эки чыгармачыл адамдардын балдары ушул чөйрөнү тандайм десе макул болот белеңиздер?

Суран: Эгер кыргыздагы “аккан арыктан суу агат” деген  макалга шайкеш биз жүргөн жолдо балдарыбыздагы жүргүсу келсе, биз албетте жок дебейбиз. Чыгармачылыктын түйшүгүн жон терибиз менен сезгенден бери оңой оокат жок экендигин билебиз.  Бирок ошентсе да чын дилинен мен өнөрдү тандайм деген балага эч ким тоскоол боло албайт. Эгер чындап таланты болсо биз колдойбуз.

-Кыргыз элине каалооңуздар?

-Биринчиден кыргыз элибизде тынччылык болсун.  Эл жерибизде токчулук болуп, ар бир үй бүлө бакытка бөлөнүшүн каалайбыз. Ошону менен катар эле өнөр адамдарынын тилегени жакшылык дегендей эле ар бир кыргыздын үйүндө тойлор гана болуп турсун. Башында айтып өткөндөй эле буюрса 25-26-ноябрда өтүүчү алдыдагы жеке концертибизге баардык күйөрмандарыбызды чакыра кетмекчибиз, келип жан дүйнөңүздөрдү жакшы ырдарга толтуруп кетиңиздер!  

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *