Бишкектин мурдагы мэрлеринин соту кийинкиге жылдырылды

Мезгил

Бишкектин мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов жана 10 адамдын кылмышы боюнча сот иши 2-декабрга жылдырылды. Буга соттук отурумга бир нече жактоочунун келбей калышы себеп болгон. Соттук отурум бүгүн Бишкектин Ленин райондук сотунда уланган.

 Эске салсак,   Кулматов   баш калаада мектеп салууга жумшалган 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган деп айыпталган.

Ал эми Ибраимовго ««Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Блуак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *