Төрага менен вице-спикердин тилин сындырган Франкфурт-на-Майне шаары тууралуу билип алыңыз

   Мезгил

Франкфурт-на-Маяне же Франкфурт жана Майне төрага Дастан Жумабеков менен вице-спикер Мирлан Бакировдун тилин сындырган Франкфурт-на-Майне шаары тууралуу баяндап берүүнү туура көрдүк.  Ии баса, бул шаардын атын айтуу анчалык эле кыйын болуп жатса жөн гана Франкфурт деп айтса да болот  экен. 

Франкфурт-на-Майне (же жөн гана Франкфурт) – Германиянын борбордук бөлүгүндө, Майн дарыясынын жээгинде жайгашкан шаар. Бул шаарды   немистер көбүнчө жөн эле Франкфурт деп айтып келишет.  

Франкфурт шаары Германиянын финансы борбору“альфа-шаар”дүйнөлүк соода сатык, маданият, билим, каттамдын борбору.  Аталган  шаарда Европалык Борбордук банк, Германиянын Федералдык банкы, Франкфурт биржасы, жана Франкфурт ярмаркасы жайгашкан.

Германияда дал ушул шаардын аталышына окшош дагы бир  Франкфурт-на-Одере деген шаар бар.  Франкфурт-на-Майне(Гессен аймыгында) ал эми, Франкфурт-на-Одере (Бранденбург аймагында)жайгашкан.

Бул шаарда дүйнөгө атагы чыккан жазуучу Иоганн Вольфганг фон Гёте төрөлгөн.

Mercer Human Resource Consulting компаниясынын иликтөөсү боюнча Франкфурт-на-Майне шаары күнүмдүк жашоо-тиричиликке көп акча коротулган кымбат шаарларга кирет. Алсак, Германияда 2-орунда, ал эми дүйнөдө 48-орунда турат.

2017-жылга карата шаардын жергиликтүү калкынын саны 746 878 киши, ал эми аянты 248,31 чарчы метрди түзөт.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *