Генжекан Тунай: КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ КӨРҮЛБӨСӨ, БИЗДИ ВИРУС ЭМЕС КЕНЕБЕСТИК ӨЛТҮРӨТ

Мезгил

Дүйнө баштан кечирип жаткан кырдаал жугуштуу илдетке кенебес мамиле кылбоо керек. Коронавирус – баарыбыз үчүн сыноо. Бул эпидемия – улуттук коопсуздук көйгөйү, саясий партиялардын үгүтү эмес! Мындай пикирин Түркиянын Россия федерациясынын Башкортостан республикасы боюнча тышкы экономикалык байланыштар кеңешинин башчысы Генжекан Тунайдын кайрылуусунда айтыларын бир топ чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Корона вирус эпидемиясы – улуттук коопсуздук көйгөйү, саясий мүдөөлөргө, талаш-тартышка алагды болбой турган олуттуу абал, саясаттан маанилүү чоң коркунуч”

 Дүйнө жүзүн апаат баасып, эртеңки күнүбүз белгисиз болуп турган мезгилде, адеп-ахлактык баалуулуктар кайрадан жанданат деп үмүттөнөлү… Корона вирус эпидемиясы –  глобалдык кризис гана эмес, ошол эле мезгилде кызматташуу жана көйгөйдү биргелешип чечүүнү талап кылган, адам баласынын миң жыл бою жамааттык аң-сезимге умтулуусундагы жакшы жактарды чагылдырган, өз ара кызматташууга багытталган глобалдык чечимдерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн сунууда.

Биз туш болгон олуттуу жана жөнгө салууга мүмкүн болбогон глобалдык кризисте бөлүнүп-жарылууну жана топ-топторго ажыроону күчөткөн саясий эсепти көздөгөндөр, өлкөдө башаламандыкты пайда кыла турган позицияны кармануудан четтөөсү кажет! Корона вирус эпидемиясы – бул улуттук коопсуздук көйгөйү, саясий партиялардын үгүтү эмес!

Азыркы абалда кыйын күнгө туш болгон Түрк элине жардам берүүдө  саясий мүдөөнү токтото туруу абдан маанилүү.

Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жана ооруга чалдыккандардын саны мүмкүн болушунча аз болгон шартта өлкөбүздү бул кризистен чыгаруу үчүн Түрк элинин атынан Мамлекетибизге кайрылабыз:

 “ЭГЕРДЕ КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ КӨРҮЛБӨСӨ, БИЗДИ ВИРУС ЭМЕС КЕНЕБЕСТИК ӨЛТҮРӨТ”

1-) “Кайрымдуулукту мамлекеттен эң көп киреше алгандар кылсын”.

Эгер кандайдыр бир фонд түзүлө турган болсо, минималдык айлык акы алгандар эмес, мамлекеттик тендерлер менен байлыгын арттырган ишкерлер каражат бөлсүн. Айрыкча, төлөгөн салыктарыбыз аркылуу миллиарддаган долларлык чоң тендерлерди алган ишканалар тобу баш болуп, жол көрсөтүп берсин.

Батышта атактуу ишкерлер, искусство өкүлдөрү, футболчулар миллиондогон долларларды кайрымдуулук үчүн бөлүп берүүдө.

“Бири-бирибизге жардам берүүдө адилеттүү болуу үчүн жакырды жакырчылыкка тартпай, аларга колунда барлардын колдоосун камсыз кылуубуз керек”.

 2)Мамлекет Эл аралык банктык эсеп номерлерин таратуунун ордуна Активдер фондун түзүүсү зарыл. Мамлекет кайрымдуулук күтпөйт. Мамлекет чогулткан салыктардын эсебинен бөлүп келген Табигый кырсыктар фондунан каражат жумшайт.

3) Бюджеттен колдоо алган саясий партиялар мындай кризистик мезгилде Мамлекеттик кирешенин баарын Корона вирус эпидемиясынан жабыркаган жарандарыбызга жумшоосу керек.

4) Жарандардын, коммерциялык ишканалардын жана соодагерлердин биринчи кезекте коомдук дебитордук карыздары, андан кийин эсеп-фактуралары, насыя сыяктуу милдеттүү төлөмдөрүнүн мөөнөтү убактылуу кечиктирилиши зарыл.

5) Электр жарыгы, табигый газ, суу сыяктуу мамлекеттин көзөмөлүндөгү эсеп-фактуралар кризис аяктаганга чейин мамлекет тарабынан кепилдикке алынып, мөөнөтү узартылышы кажет.

6-) Элге болгон көйгөйдү коркпостон угузуу мүмкүнчүлүгүн сунган платформа түзүлүшү абзел.

a-) Эч күтпөстөн COVID 19 тесттери көбөйтүлүп, өтө кеч боло электе 81 аймакка таратылуусу керек.

“Эпидемияны токтотуунун жолу – алдын алуу”

б-) Эч күтпөстөн пиарсыз, коомдук инженерия оюндарын токтотуп, оору жуктурган, көз жумган, сакайган бейтаптардын так саны тууралуу маалымат шаар, райондор боюнча күн сайын чагылдырылсын. Италия жана Испания өлкөлөрүндө болгондой өтө кечиктирбей коомчулукка кеңири маалымат берүү менен массалык өлүмдү алдын алуу керек, ар бир аймак иш жүзүндөгү маалыматка ылайык чара көрүүсү зарыл.

7) Эпидемиянын жайылуусун алдын алуу үчүн көрүлгөн чаралардын негизинде, иши токтогон азык-түлүк өндүрүү объектилериндеги Азык-түлүк коопсуздук кризисин жана анын артынан келип чыгуусу мүмкүн болгон чайкоочулукту токтотуусуз, Азык-түлүк чынжыр системасын түзүү зарыл. Азык-түлүк чынжыр системасын Аймактык айыл-чарба башкармасынын контролунун негизинде, муниципалитеттин талаадан дасторконго негизделген эрежесинин алкагында, өндүрүүчүдөн керектөөчүгө сунган муниципалдык дүкөндөр тарабынан нарк жана камдыкка көзөмөлдү камсыз кылуу аркылуу түзүү зарыл.

8)-VIP Жума намаздарын токтотулсун. Элдин диний сезимдериндеги жак тандоо жана бөлүнүп-жарылууну күчөтүүнүн ордуна,  Азирети Мухаммеддин кичи пейилдигинен бузулбаган адилеттүүлүк жана теңдиктин негизинде, жума намаздарды эпидемия аяктаганга чейин, коомдун баардык катмары үчүн токтотулсун.

Умрага сапар алгандар кайтышында тийиштүү контролдон өтпөй, карантиндик жол-жоболорду кылдаттык менен аткарбай тийгизген таасири тууралуу элге маалымат берилүүсү керек.

Буга көңүл бурулбай, маселенин канчалык  олуттуулугу билингенде, кечигүү менен болсо да тез арада чара көрүлдү. Бул үчүн ыйгарым укуктуу жактарга рахмат айтуу керек.

9)  Бул мезгилдеги окуучулардын педагогикалык өнүгүүсүнө жана психологиялык абалына терс таасирин тийгизүүчү аралыктан окутуу процессинин планы жана мазмуну логикалуу түзүлүп, контролго алынуусу керек. 

10) 65 жаштан көчөгө чыгууга жана жалпысынан көчөгө чыгууга тыюу салуу керек. Анткени күн сайын бейтаптардын жана көз жумгандардын саны эки эселеп артууда.

11) Көчөгө чыгуусуна тыюу салынган 65 жаштан өйдө мекендештерибиздин, мамлекетибиздин коопсуздугу жана тартиби боюнча жооптуу жана коркунуч туудурган учурда кызматта болууга милдеттүү Коопсуздук уюмунун өкүлдөрүнүн ордуна Дин иштери боюнча башкармалыкта эмгектенген жана эпидемияга байланыштуу милдеттерин аткара албай жаткан 144 миң имам, насаатчылар тарабынан камсыз кылынса элдин руханий сезимдери бекемделет.

12) Корона – улуттук коопсуздук көйгөйү.

Улуттук коопсуздук көйгөйү чечилип жатканда, логикага ылайык, саясий мүдөөлөрдү, баланстарды, кыска, орто жана узак мөөнөттүк эсеп-кысаптарды токтотуу керек.

Баары көмөктөшүп, баардык жакта кайрымдуулук иштери жүргүзүлүшү керек, каалоосу бар баардык мекемелер, саясий партиялар бүткүл күч аракетин бул кырдаалдан эң аз сандагы жоготуу менен чыгуу үчүн жумшоосу керек.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *