Президент саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовду кабыл алды

   Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-апрелде  саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал жана коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө чаралары талкууланды.

Мамлекет башчысы өлкөдөгү бул татаал мезгилде медицина кызматкерлеринин өзгөчө ордун белгиледи. Медиктерге жана коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө алдыңкы сапта жүргөндөрдүн баарына патриоттуулугу жана талыкпаган эмгеги үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирди.

 Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди.

   Коронавирус инфекциясын жуктуруп алган бейтаптарды ооруканага жаткыруу үчүн бир катар ооруканалардын кайра профилдештирүүгө даярдыгы жөнүндө маалымдады.

Ошондой эле Бишкек шаарында үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинен тартып өзүндө илдет бар деп шектенген жарандарды аралыктан ыкчам диагностикалоо үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин «118» «тынымсыз телефон линиясы» иштеп баштагандыгын билдирди.

Мындан ары бул долбоорду өлкөнүн калган региондорунда ишке ашыруу пландаштырылып жатат.

Сабиржан Абдикаримов бүгүнкү күндө республикада жарандардан коронавирус инфекциясын аныктоого лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн тест-системалар жетиштүү көлөмдө экенин билдирди.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *