Казакстанга Кытайдан дарыгерлер келди

   Мезгил

Кытайдын Шинжан-Уйгур автономдуу аймагынан 10 кытайлык дарыгер Нур-Султан шаарына келди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Ак халатчандардын  арасында пульмонология, эпидемиология жаатындагы алдыңкы адистер,  жана коомдук саламаттыкты сактоо боюнча медиктер бар. Алар Казакстанда 15 күн болуп, Нур-Султан шаарынан тышкары Алматы жана Караганды калааларына да бармакчы.

  Ошондой эле алар коронавирусту жуктурган бейтаптардын диагнозун, дарылоо жана коомдук саламаттыгын талкуулашат. Кытайлык дарыгерлер буга чейин Шинжанда коронавирус менен күрөшкөн. Алардын бул иште тажрыйбасы чоң.

  Мындан сырткары Кытай Казакстанга  5,5 тонналык гуманитардык жардам көрсөттү.  

 Белгилей кетсек, буга чейин Кытай COVID-19 инфекциясы менен күрөшүүгө  жардамдашуу үчүн Казакстанга медицина кызматкерлерин жиберээрин айткан.

Учурда Казакстанда коронавирусту жуктургандардын саны 802ге жетти.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *