Касымалиева: Коронавирус жуктурган медиктердин абалы күндөн күнгө начарлап, кан кусуп калышыптыр

   Мезгил

Вице-спикер Аида Касымалиева коронавирус илдетин жуктурган дарыгерлердин абалын сурап, алар менен байланышканын интернеттеги баракчасына жазды.

“Ош шаарында коронавируска чалдыккан дарыгерлер менен телефон аркылуу сүйлөшүп чыктым.

Абалдары күндөн күнгө начарлап, баары эле кошумча дем алдыруучу аппаратта. Кан аралаш жөтөлгөндөр бар. Сүйлөй албай калгандары бар. Мени менен сүйлөшүп жатып да, аба жетпей, сүйлөй албай калып жатышты. Ыйлагың келет! “Бизди акчасы да, эчтекеси кызыктырбайт, тирүү калсак деп жатабыз. Биздин атыбызды, аброюбузду коргоп бергиле!”, – деп ыйлашты. Баары эле өмүр бою иштеген дарыгерлер”-дейт Касымалиева.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *