Кубатбек Боронов медицина кызматкерлеринен кечирим сурады

 Мезгил

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн онлайн маалымат жыйында медицина кызматкерлеринен кечирим сурады.

 -Мындан мурунку брифингде медицина кызматкерлеринин оорусу боюнча айткан маселе бар болчу. Андан бери социалдык тармактарда, кээ бир саясатчылардын көңүлүн бурган маселе болду. Себеп дегенде бул жердеги маалыматты мен айтканда кайсы бир медициналык кызматкерлер өзүнө алгандыгы болуп жатат.  Ал жерде  бирөөнүн аты жөнүн же болбосо кайсы бирөөгө тиешелүү деп купуя сыры же атын атоо боюнча маселе болгон эмес.

Экинчиси бул жерде биз айта турган негизги максат ошол медициналык кызматкерлерге кандайдыр бир чара колдонуп алардын оорусун ашкерелөө болгон эмес. Мамлекеттик жетекчинин, премьер-министрдин негизги максаты ошол коронавирус менен күрөшүп жаткан бардык кызматкерлерди бир эле медицина кызматкерлерин эмес, ушуга окшогон маселелердин алдын алуу мындан ары ооруга чалдыкпай  иштерин так алып жүрүшсө деген  маселе болчу. Эгер кандайдыр бир маалымат сиздердин аброюңуздарга шек келтирген маалымат катары кабыл алынса  жалпы медицина кызматкерлеринен официалдуу  түрдө кечирим суроого даярмын. Кечирим сурайм андай мааниде айтылган эмес-деди Боронов.

Эске салсак, буга чейин  медицина кызматкери “Ажыдан келген кошунасынын үйүнөн чай ичип, вирус жуктурган деген маалымат айтылган.

Ал эми Оштогу балдардын инфекциялык ооруканасындагы дарыгерлер байланышка чыгып, бийликке кат жолдошкон. Анда алар “бизге жалаа жабышпасын, ажы тойго эч ким барган эмес. Ажы тойго шылташпасын, бул жерде ич ара вирус жугуу болгон”, – деп катка 20 дарыгер кол койгон.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *