Акыйкатчы Токон Мамытов чек арадагы окуяда жарадар болгон аскер кызматкерлеринен кабар алды

  Мезгил

Бүгүн, 12-май күнү Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов 8-майда чек арадагы окуяда жарадар болгон Баткен аскер отрядынын “Көк-Таш” чек ара тозотунун чек ара кызматкерлерин көрүп келди. Бул тууралуу Акыйкатчынын аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

 “Акыйткатчы ок тийген аскер кызматкерлери М. Абдисаит уулу жана Ч. Турдубай уулуна жолукту. Жоокерлердин үчүнчүсү – Мирбек Султанбек уулу аталган госпиталдын реанимация бөлүмүндө болгондуктан, акыйкатчы анын апасы менен жолугуп сүйлөштү. Жолугушуу учурунда акыйкатчы өзүнүн Чек ара кызматындагы тажрыйбасын эске алып, жоокерлерге кесиптеш катары кайрылып, аларга дем берип, тезирээк айыгып чыгуусун каалады. Акыйкатчы жоокер М. Султанбек уулунун апасы менен маектешип, анын уулунун операциясы жакшы өтүшүн каалады”, – деп айтылат маалыматта.

Жарадар болгон аскер кызматкерлери учурда Улуттук госпиталда дарыланууда. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *