Шавкат Мирзиёев 258 кишиге мунапыс жарыялады

   Мезгил

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Рамазан айынын аяктагандыгына байланыштуу «Кылганына өкүнүп, туура жолго түшкөн камактагыларга ырайым берүү тууралуу» жарлыкка кол койду.

 Маалымдалгандай, 258 кишиге ырайым берилет. Алардын ичинен 16 жаран негизги жазадан толугу менен бошотулса, 101и мөөнөтүнөн мурда шарттуу эркиндикке чыгат. Мындан тышкары 24 адамдын жазасы жеңилдетилип, 117 кишинин жаза мөөнөтү кыскартылат.

Мунапыска илингендердин арасында 60 жаштан ашкан жети эркек жана бир аял, чет өлкөлүк жети жаран жана тыюу салынган уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышкандыгы үчүн соттолгон 164 адам бар.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *