Исмаил Исаков Үзөңгү-Куушту кытайларга өткөрбө үчүн болгон күч-аракети менен каршы турган

Мезгил

Өз өмүрүн мамлекетке жана элге кызмат кылууга арнаган, өлкө кызыкчылыгын жеке кызыкчылыктан жогору койгон инсандар арбын. Алардын бири  Исмаил Исаков. Ал басып өткөн жол, бийик адамдык касиети жана кесипкөйлүгү өсүп келе жаткан муундар үчүн мыкты үлгү.

Исаков Исмаил 1950-жылы 10-июнь күнү Ош дубанына караштуу Алай аймагынын Сопу-Коргон айылында жарык дүйнөгө келген.

Аскердик билими жогору: 1973-жылы Ташкент шаарындагы Жогорку жалпы аскердик командалык окуу жайын, 1978-жылы Венгриядагы Марксизм-ленинизм университетин, 1984-жылы М. В. Фрунзе атындагы аскер академиясын, 1989-жылы «Выстрел» жогорку офицердик курсун, 1996-жылы РФ Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын аскер академиясын, 1998-жылы Италиянын Гуманитардык укуктук эл аралык институттун бүтүргөн.

Тажрыйбасы мол: эмгек жолун 1973-жылы Венгрияда командир взвод болуп баштап, 1978-1981-жылдары Украинада командир рота, штаб жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Андан кийин да аскердик жетекчиликтин ар кандай тепкичтерин басып өтүп, 1994-1999-жылдары КРнын Коргоо министрлигинин башкы штабынын башчысы жана министрдин биринчи орун басары болуп эмгектенген.

2000-2005-жылдары – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, Мамлекеттик коопсуздук маселелери боюнча комитеттин төрагасы. 2001-жылы КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын тышкы байланыштар, коопсуздук жана региондук өз ара аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары болгон.

Элдин Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп шайланган жылдары карапайым калктын ишенимин Исмаил Исаков чоң жоопкерчилик менен аткарганы Үзөңгү-Кууш маселесинде таасын байкалган. Мекендин ар бир ташын ыйык деп санаган генерал Үзөңгү-Куушту кытайларга өткөрбө үчүн болгон күч-аракети менен каршы турган.

Ал эми 2005 –жылдары Коргоо министри болгон. Мына ушул убакта кыргыз армиясынын тарыхында чоң бурулуштар орун алган. Эгерде жетекчинин жеке өрнөгү – бул маселеде чечүүчү роль ойной ала тургандыгы десек анда Исмаил Исаковичтин чечкиндүүлүгү менен эки жыл ичинде аскер кызматкерлеринин турак-жай маселесин өкмөткө кабыргасынан коюп жатып, натыйжада 140 аскер кызматкерди үй менен камсыз кылууга жетишкен.

Эл ичинде Исмаил Исаков Коргоо министри болуп турганда мугалими Сурма эженин “ай Исмаил, министр болдуң, жогору кызматтарда иштедиң, мына бу атаңдын үйүн оңдотуп койбойсуңубу?” деген сунушуна, “Армияны оңдоюн. Андан кийин атамдын үйүн оңдойм” –деп жооп бергени азыркыга чейин аңыз болуп айтылат.

Бул Исмаил Исаковичтин мамлекетчил, таза инсан экенинин, ал  турмуштун бардык оорчулугуна чыдап, өз мээнети, ак эмгеги менен элдин ишенимине татып бийик даражага жеткендигинин бир далили десек болот.

2008-жылдын октябрь айына чейин Коопсуздук кеңешинин катчысы болду. Анан акыйкатты гана айткан генералдын мизин кайтарууну көздөгөн айрым саясатчылар аны ак жеринен абакка камашты. Мына ошондо Акыйкатчы аркылуу ошол маалдагы бийлик: “Күнөөлүү экенин мойнуна алып, менден кечирим сурасын!”-деп шарт койгондо, генерал ажонун ал акылга сыйбаган талабынан баш тарткан. Албетте, бул анын эркинин күчтүүлүгүнөн кабар берет.

 2010-жылдын апрель айынан Коргоо министринин милдетин аткаруучу, Убактылуу өкмөтүнүн мүчөсү. 2010-жылы экинчи жолу  Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты болду. Ошол кезде элдин ишенимине терең кирген генерал депутат катары элге эмне иш кылып берди? Көйгөйлөрдү көкүрөгү менен сезип, көргөн билгенин жашырбай, дайым чындыкты чыркырап айтып, өлкөнүн тагдыры, элдин келечеги үчүн күрөштү. Кыргыз армиясынын калыптанышына зор салымын кошту.

Коомдук турмушубуздун башыбыздан өткөн бардык баскычтарында эл жетекчилерди карап түздөнгөн, алардын айткандарын даңаза кылып, аларды кынтыксыз аткарышкан. Исмаил Исаков мына ушундай инсандардын бири. Биздин жетекчилер жана жаштар Исмаил Исаковдун мыкты касиеттеринен өрнөк алууга милдетүү деп ойлоймун. Ал эми кыргыз элитасы Исмаил Исаковичтен кантип жылдар бою бузулуп кетпей, булганбай, ар кандай азгырыктарга алдырбай, жан-дүйнөсүн адал, эл алдында жүзүн, абийирин таза сактап калуунун үлгүсүн үйрөнүүгө тийиш. Анткени ал улуулуктун башаты жөнөкөйлүктө деп санаган, бийлик менен дөөлөттү көтөрө билген, сабырдуу, абийирин таза туткан, бийик инсан.

Исмаил Исаковдун эмгеги мамлекет тарабынан да бийик бааланып, 1981-жылы СССРдин Жогорку Кеңешинин Президиумунун буйругу менен “Аскердик сиңирген эмгеги үчүн” “Кынтыксыз кызматы үчүн”, “Аскердик кызматташтыкты чыңдагандык үчүн” медалы менен II даражадагы “Манас”, КМШ ПААнын “Содружество” ордендери, эки жолу ысымы жазылган курал, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын “Кыргыз тили” төш белгиси, ЖККУ Жамааттык коопсуздук кеңешинин Ардак грамотасы, ЖККУ Парламенттик ассамблеясынын Ардак грамотасы, “Апрель Элдик Революциясынын Баатыры” атайын төш белгиси, ошондой эле көптөгөн медалдар жана грамоталар менен сыйланган.

Генерал-лейтенант Исмаил Исаков Баткен жана Алай райондорунун ардактуу жараны. Ош технологиялык университетинин ардактуу профессору. Отуздан ашык илимий монографиянын жана макаланын автору.

Урматтуу Исмаил Исакович!

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында дагы сиз чыныгы жаратмандыгыңызды, ири мамлекеттик-саясий ишмер экендигиңизди далилдедиңиз. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары бир топ мамлекеттик маанилүү чечимдердин кабыл алынышына татыктуу салым коштуңуз.

Сиз басып өткөн өмүр жолуңуз, зор эмгегиңиз – элге, Мекенге кызмат кылуунун, эмгекчилдиктин, мээнеткечтиктин бийик үлгүсү. Элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын жеке кызыкчылыктан жогору коюунун мыкты мисалы. Сиздин жакшы өрнөгүңүз жаштарыбызды жаратмандыкка жана мекенчилдикке үндөп турат.

Жараткан сизге кылымдын бийик ашуусун багындырууга күч-кубат, дем берсин. Эгемендүү Кыргызстандын ардактуу, нарктуу аксакалы катары элибиздин сыймыгы болуп жүрө беришиңизге тилектешпиз. 

Сизге чың ден соолук, үй-бүлөңүзгө бакыт-таалай каалайбыз! Кутман курагыңыз кут болсун!

Курманбек Осмонов,

Бекболот Талгарбеков,

Бөдөш Мамырова,

Турсунбай Бакир уулу,

Ахматбек Келдибеков,

Камчыбек Ташиев,

Элмурза Сатыбалдиев,

Улугбек Ормонов,

Нариман Түлеев,

Надира Нарматова,

Жаныбек Бекназаров,

Рысбек Мирзаматов,

Иман Кочкорбаев,

Кубанычбек Кадыров,

Равшан Сабиров,

Медербек Сатыев

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *