Путиндин маалымат катчысы Песковбу же Жээнбековдун Стамалиевасы калп айттабы?

Мезгил

Россия Федерациясынын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков КР президентинин маалымат кызматынын калпын чыгарды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Журуналисттер Дмитрий Песковго Россия Федерациясынын президенти катышары маалым болгон  Ржев шаарында согушта курман болгондордун эстелигинин ачылыш иш чарасы белгиленген убактысынан жылдырылып жатабы жана бул иш чарага Кыргызстандын президенти катышабы деген суроо беришкен.

Россия Федерациясынын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков журналисттер бул айкелдин ачылышына Кыргызстандын президенти катышат деген маалыматты кайдан алышкандарына кызыгып, бул иш чарага Сооронбай Жээнбеков катышаары планда жоктугун билдирди.

Жок, андай эч нерсе пландалган эмес. Мындай план болгон эмес. Чындап эле 30-июнда Ржев шаарында совет жоокерине эстелик-мемориал ачылат. Президент бул иш-чарага катышууга камынууда. Анткени бул ѳтѳ  маанилүү эстелик, мемориал -деп жооп берген Песков.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков парадга катыша албай калгандан кийин анын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева Сооронбай Жээнбековдун Россия Федерациясына кийинки иш сапары Россия тараптын чакыруусу менен 30-июнга белгиленгендигин билдирген.

-Белгилей кетсек, буга чейин пландаштырылган график боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Россия Федерациясына кийинки иш сапары ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата Россия тараптын чакыруусу менен 30-июнга белгиленген. 30-июнда Ржев шаарында 1941-1945-жылдарда Улуу Ата Мекендик согушта каза болгон кыргызстандык аскерлердин эстелигинин расмий ачылышы пландаштырылган. Баарыңыздарга ден соолук каалайбыз. Урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева деп жазылат Кыргыз Республикасынын президентинин сайтында жарыяланган маалыматта.

Демек суроо жаралат. Ким калп айтууда? Россия Федерациясынын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковбу же Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиевабы?

Негизи эле ѳлкѳ башчысы  кыргыз элин анын ичинде ѳзүн ыңгайсыз абалга калтырган араңжан, чала сабат командасынан качан арылат? Же Сооронбай Жээнбековго алысты кѳрѳ албаган жоопкерчиликсиз, шалаакы кадрлар жагабы?

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *