Мадумаров өпкөсү сезгенген бейтаптарды дарылоочу стационарларга барды

   Мезгил

  Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров өпкөсү сезгенген бейтаптарды дарылоочу кошумча койко-орундар ачылган убактылуу стационарларды барып көрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Атап айтканда, өлкөнүн аймактарынан келген медициналык кызматкерлер иштей турган убактылуу стационарлар № 1- интернаттын (150 орун), «DISCOVERY» мейманканасынын (30 орун) жана Азиз жана көрүүсү начар балдар интернатынын (80 орун) базасында ачылган. Мындан тышкары, дарыгерлерден жана И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жогорку курсунун студенттеринен турган 6 тез жардам унаасы түзүлүп, чакыруулар боюнча жөнөп кетишти.

Белгилесек, өлкө аймактарынан келген медициналык кызматкерлер гигиена жана санитардык нормалардын талабын аткаруусу туралуу келишим түзүп, алардын айлык акысы Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, төлөнүп берилет.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *