Муфтий Максат ажы Токтомушев кан чыгарып, түлөө өткөрүү жагын ойлонуп көрбөйбү?

   Мезгил

Ааламды каптаган апаат өлкөбүздү да каптап, барган сайын жүрөк үшүн алган өлүмдөр менен коштолууда. Барган сайын дартка кабылган жана өлүмгө учураган мекендештерибиздин катары калыңдап, Ала-Тоо ичи кадимкидей ый-ызага толуп кетти. Атың өчкүр ылаңдын карааны азырынча көздөн кайым болчудан эмес. Түптүү кыргыз эзелтен башка түшкөн мындай оор сыноолордо Жаратканга жалынып, мал союп, кан чыгарып, жакшылык тилеп келишкен. Дал ушундай ишти азыр кылбасак болчудай эмес.

Кыргыз эли молдокелер менен бирге бир күндү белгилеп, ошол күнү кан чыгарып, мал союп, Жаратканга жалынуу менен түлөө өткөрбөсөк болбойт го? Тээ эзелтен “жакшы мал жанга арачы” – деген кеп айтылып келет. Мындай шартта мал союлуп, кан чыкса ошону менен бар балээнин баарысы чыгып кетет беле? Мындай сунушубузду Максат ажы баштаган Замир каары, Абдышүкүр ажы, Чубак ажы өңдүү дин аалымдарына да сунуштап турубуз. Биздин идеябызды балким эли-журтубуз колдон-буттан алып, кубаттап кетишээр.

Мезгил ньюс   

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *