Кыргыздарды мазактаган казак Эрман Жүрсүнгө Садык Шер-Нияз: Кыргыздын ар намысы акча менен чектелбесин билип жүрүңүз!

 Мезгил

Жакында эле Казакстанда өткөн айтышта төкмө акын Жеңишбек Жумакадырды жарым финалга да чыгарышпай, ал тургай айтыштын уюштуруучусу Эрман Жүрсүн байгесин берип жатып “300.000 миң теңге бул кыргыздар үчүн чоң акча” деп сүйлөгөнүн  Жогорку Кеңештин депутаты,  “Айтыш” коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз интернеттеги баракчасына жазып Эрман Жүрсүнгө төмөндөгүдөй жооп кайтарды.

 -Жеңишбек акынга жолугуп калдым бир тойдон. Жадырап жайнап учурашып жаткан. Казакстанга барыпсын эмне болду деп сурасам, жүзүн сур булут аралап кеткендей болду. Жарым финалга да чыгарышкан жок дейт. Кашайтканы: Эрман Жүрсүн байгесин берип жатып “300.000 теңге бул кыргыздар үчүн чоң акча” деп сүйлөдү дейт. Мен да кашайып кеттим. Таластыктарча сөгүнүп да алдым окшойт. Эсимде 2003 жылы Астанада да бир сөгүндүм эле бир чоң айтышта. Ошондо да Элмирбек менен казактын бир акыны финалга чыгып, анда да Эрман Жүрсүн, калыстарга кайрылып, « Эми бул жерде казак кыйынбы, же кыргыз кыйынбы деген сөз гой» деп алдын ала калыстарга эскертүү жасаган жери бар. Ошондо бир айтаарым бар эле айта алган эмесмин, жаш элем, акындарыбызды өстүрүп алалы али айтышаарбыз деди элем.

Анын үстүнө Мырзатай Жолдасбеков, Абиш Кекилбаев сыяктуу аксакалдарды сыйлагам, оң колумду кармап ачууга алдырба айналайын деп олтурган Онгарсынова эжемди кыя алган эмесмин, чыр салбай кетейин мейли биринчи орунга макул бололу деп. Эки элдин ынтымагын ойлойлу, бийик бололу деп жүрөбүз. Кудайга шүгүр Олжас Сулейменов, Мухтар Шаханов агаларымды көргөндө чер жазышып сүйлөшүп каламын, Асанали Ашымов, Нуржуман Ихтымбаев байкелерибизди көргөндө бири бирибизди кучактап жатып аран бөлүнөбүз. Сатыбалды Нарымбетов агайымды көргөндө бир боорум деп жумалап бир журуп калабыз. Эрмек Турсунов, Канат Торебай, Дарежан Омербаев деги койчу жүздөгөн кыргызга ак жүрөгү менен күйгөн улуу казак инсандары менен ымалалаш досмун. Болгону ушул Эрман Жүрсүндүн жүрөгү агарбады. Тапкан сөзүн карасаң: «300.000 теңге бул кыргыздарга чоң акча гой» деп. Кеп ошол акчада бекен, кеп акындын көңүлүндө го. Кеп абийир менен ар-намыста экенин ушунча жылдары түшүнбөгөндөн кийин мындан кийин деле түшүнбөй калдыңыз го де ойлойм. Акындар эки элди бириктирип, эң алды ынтымак деген улуу ойду алып жүрүш керек деген вазийпасын бир ууч тыйын бергенине менменсинип, ылайга оонатып, жарыктык киши бул жолу да бүтүн нерсени жарып берипсиз.

Мындан кийин да оңолбойт окшойсуз, ошону үчүн жазып жатам. Эгемендүү тарыхыбызда эки бир тууган элди бөлүп жарып жүргөн инсандар ким болгон десе мен тайманбай биринчи катарга сизди кошот элем. Эгер берген тыйыныңыз көп болуп көрүнсө счетунузду салып жиберсеңиз болот, Айтыш фондунан которуп коем эки эсе кылып, бүтпөгөн тешигиңиз болсо жаап алыныз, тек гана кыргыздын ар намысы акча менен гана чектелбесин билип жүрсөңүз болгону. Сиз ушул махинацияларыныз менен казак акындарын деле омогун ойрон кылып алансыз го деп болжодум.

Учурдан пайдаланып кыргыз акындарына кайрылаар элем эгерде ушул каада салтты, кадыр баркты, дөөлөттү сыйлап кадырлабаган Эрман Жүрсүн чакырса барбай эле койгулачы алтындарым. Баары бир ал киши силердин кадырынарга жетпейт, өзүбүздүн акыйкат, адил, калыс айтышыбызды өткөзүп эле эки бир тууган элдин ынтымагын чыңалта берели.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

One Comment on “Кыргыздарды мазактаган казак Эрман Жүрсүнгө Садык Шер-Нияз: Кыргыздын ар намысы акча менен чектелбесин билип жүрүңүз!”

  1. Қырғыз бауырлар, кешіріңдер. Ондай бір екі адамның сөзіне бола арамызға салқындық түспесін.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *