Жаңы окуу жылын окуучулар аралыктан окушат

Мезгил

Кыргызстанда жаңы окуу жылынын биринчи чейрегин аралыктан окутуу пландалууда. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

 Маалым болгондой, эпидемиологиялык абалы жакшы аймактардагы окуу процесси өзүнчө каралат.

Бирок министрлик мугалимдерди, окуучуларды жана ата-энелерди азыртан дистанттык билим берүү процессине даярдана берүүнү сунуштайт.

Кырдаал жакшы жагына өзгөрөрү менен окуучулар кадимки режимде окууга өтөт, — дешти ведомстводон.

Эске салсак, коронавирус эпидемиясынан улам марттан тарта Кыргызстандагы бардык мектеп окуучулары, студенттер аралыктан билим алышкан.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *