Айтылуу Арстанбек Ногоевдин уулу Өмүр да аламанга аттанаары айтылды

    Мезгил

Кезегинде Кемин, Кочкор райондорун башкарып, Бишкек шаарынын мэри, айыл чарба министри өңдүү бир катар үлкөн кызматтарды чеңгелдеп турган Арстанбек Ногоевди унута элексиңерби? Бу инсанга Кудай Таала кызматтык бактыны Кыргызстандан гана эмес, кең Россиядан да ыроолоп, Пенза облусунун губернаторунун биринчи орун басары сыяктуу чоң креслодон куру калтырган эмес. Кыргыздын “аккан арыктан суу агат” деген макалы дал ушул Ногоевдер үчүн айтылып калгандай таасир калтырат. Кантип дебейсиңерби? Арстанбек Ногоевдин уулу Өмүр Ногоев ушул күндөрү Москва районун жетектейт.

Буга дейре кичи мекени Панфилов өрөөнүнө да аким болгон жайы бар. Түпкү кесиби милиционер болгон Өмүкеңер ушул күндөрү “Кыргызстан” партиясы менен аламанга ат коеру күтүлүүдө. Кызматын жакынкы күндөрү тапшыраары, андан соң партжетекчилик тарабынан Чүйдүн батыш аймагына куратор болуп, калайманды салууга даяр экенин эшиттик. “Эти жетекчи болгону менен сөөгү МЕНТ” болгон Өмүкеңер баштапкы кесибине салып, алдыда далай кызыкты көрсөтөөрүн, буга чейин эки районду жетектеп, бул жагынан көпчүлүктү “колго алуу” менен өздүк өң-тааныштар менен команда топтоп, кыйла кызыктын ичинен чыгаары Сары-Өзөн-Чүйлүктөрдүн арасында катуу күбүр-шыбыр кепке айланды. Бул жагын албетте, көрө жатаарбыз. Саяпкери келишсе, бир жагынан атасынын акыл-кеңешин угуп, капчыкка топтогон каражатын чачып ийсе эле даңкан салаары турган иш. Мындан ары да саясатта “быша элек” бала Ногоевге карата жол көрсөтүп, сунуш айтып турсак ташыркабай, чуркап кетээр. Азырынча анчалык мактабай туралы…   

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *