Маркум Таалай Курткаевдин жубайы да аламанга аттанды

     Мезгил

   Кочкор районунун кошмо жыйынынын төрагасы болуп ийгиликтүү иштеп, калкына катар-катары менен жардам берген меценат, маркум Таалай Курткаевдин жубайы Майрам Байтерекова аламанга аттанды. Майрам айым ыраматылык, бейиши болгур Таалай Курткаевдин үлгүлүү ишин улантуу үчүн “Кыргызстан” партиясынын катары менен жарышка чыгууга бел байлап, учурда “жоо-жарагын” камданып жаткан убагы. Таалай Курткаевдин Кочкор району үчүн эбегейсиз эмгектерин эске алышкан жердештери Майрам айымды ара-жолго калтырбаш үчүн бар аракеттерин көрүп, керек кезде төбөгө көтөргөндөй образда өйдөгө көкөлөтүп алышаарын шардана кылып жатышы эмнени билдирет? Майрам Байтерековага удаа Кочкордон эл сүймөнчүлүгүнө айланган Айбек Алымжанов да дал ушул топ менен аттанганы белгилүү. Эки талапкер биргелешсе, Кочкор районунан башка атаандаштарын чаңында калтырышабы?

Мезгил ньюс  

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *