БШК шайлоо бюллетендерин аймактарга жөнөттү

Мезгил

БШК шайлоо бюллетендерин аймактарга жөнөттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдирди. 

Маалым болгондой,  жалпысынан 3 миллион 523 миң бюллетень басылып чыкты. Анын эң көбү Ош облусуна жөнөтүлдү – 682 миң даана, эң аз Таласка – 149 миң.

 Аталган мекемеден белгилешкендей,  бюллетендерди басып чыгаруу процессине күнү-түнү көзөмөлдөө жүргүзүлдү. Ар бир документ жогорку деңгээлдеги коргоо элементине ээ, аны автоматтык эсептөө урнасы таанышы үчүн, атайын боек түшүрүлөт.

Белгилеп кетсек, мыйзамга ылайык, бюллетендер шайлоо тилкелерине добуш берүүгө 10 күн калганда жеткириши керек.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *