Министр Тилек Токтогазиев «Кайыңды Кант» заводунун иштөө процесси менен таанышты

   Мезгил

   Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев Чүй облусунун Панфилов районундагы «Кайыңды Кант» заводунун иши менен жеринен таанышып, кызматкерлери менен пикир алышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Иш сапарда министр «Кайыңды Кант» заводунун кант кызылчасынын кабыл алуу жана заводунун иштөө процесси менен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө «Кайыңды Кант» заводунун жетекичиси Александр Шалюта министрден темир жолдун тарифин азайтып берүүнү суранды. Мындан сырткары өткөн жылы кумшекердин баасы арзан болгондуктан, 2020-жылы кант кызылчасынын себүү аянты азайганын билдирди.

Министр Токтогазиев «Кайыңды Кант» заводунун көйгөйлөрүн ыкчам чечүүгө аракет кыларын билдирди.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *