7 айда Кыргызстандан 291,9 млн $ чыгарылды, буга ким күнөлүү?

   Мезгил

2019-жылдын январь-июль айларында Кыргызстандан 291,9 миллион доллар каражат чет өлкөлөргө которулгандыгы тууралуу Улуттук банк маалымат таратты. Быйыл алгачкы жети ай аралыгында чет өлкөдөгү мигранттар Кыргызстанга 1,1 миллиард доллардын тегерегинде акча жөнөтүшкөн. Бул көрсөткүчтү 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 13,4% аз болгон. Август жана сентябрь айларында кирген жана чыгарылып кеткен акчалардын эсеби азырынча тактала элек.

2018-жылы кыргызстандык мигранттар өлкөгө 2 миллиард 685 миллион доллар которушкан. Ошол эле учурда Кыргызстандан 542 миллион доллар чыгарылып кеткен.

“Азаттык” радиосу өз иликтөөсүндө эксперттер Кыргызстандан акчанын сыртка чыгарылышы көбөйсө саясий кризис күч алышынан жана инвестициялык климаттын начарлашынан кабар берет деген пикир жарыялаган. Албетте ар бир ЖМКнын, ар бир серепчинин айткан пикирин сыйлоого акылуубуз. Бирок Самарканда саман учту болбой, ар бир окуя менен кубулушту саясатка байлай бербей, анын экономикалык, социалдык, эл аралык байланыштар делген олутуу себептерин да эске ала жүрсөк.

Сыртка акча которуунун кандай себептери болушу мүмкүн:

1) Кыргызстандык жаштардын башка өлкөлөрдө билим алып жатышы;

2) Чет мамлекетте эс алууну каалагандардын санынын өсүшү;

3) Чет өлкөлөр менен болгон соода-сатык алакалары;

4) Кыргызстанда иштеп жаткан чет өлкөлүк жарандардын мекенине маянасын которуусу ж.б.

Кыргызстандын базар экономикасына өткөнүнө бир топ жыл болду. Ал башка өлкөлөр сыяктуу эле чет өлкөлөр менен соода-сатык алаксын жүргүзүп келет. Башкача айтканда базардагылар акчасын Кытайга же Түркияга жиберип товар алат. Бул жерден чоң саясат издегендин керги жок. Тескерисинче биздеги экономист сөрөйлөр канча акча сыртка агып чыкты, канча товар алынып келинди, кирген-чыккан акчалардын агымы кандай себептерге байланыштуу болуп жаткандыгы тууралуу анализ жүргүзүп, жыйынтыкталган маалыматтарды элге таратып турса жакшы болмок. Тилекке каршы баары эле өз көмөчүнө күл тартып, ортодо элдин башын ого бетер маң кылган “чала саясатчылардын” тобу маалыматы пайдаланып кетип жатышат.

Маселен 2010-2018-жылда 700 миллион доллар сыртка чыгарылып кетти деп Матраимовдордун үй-бүлөсүн айыпташты. Ошол эле кезде эмне үчүн 2010-жылдан бери бул акчалар сыртка чыгарылып кеткен? Буга Атамбаевдин, Убактылуу Өкмөттүн тишеси канчалык болгон? Эмне үчүн “Азаттыктын” иликтөөсүндө бир гана түштүк жактан, базарлардан сыртка которулган акчалар гана бутага алынып, борбордогу “Дордой”, “Мадина” сыяктуу ири базарлардын соодагерлеринин Кытай менен Түркияга которгон акчалары иликтенген эмес деген ой туулат.

Албетте бул жерде бир үй-бүлөнү каралоо максаты жаткандыгы жашыруун эмес. Ал эми Кытайдан кездеме тартып келип саткан “Мадина” базарынын ээси Турсунтай Салимов Арашанда туулган Атамбаевдин айылдашы, бири-бири менен болгон мамилеси, бизнес боюнча алакасы да жакшы экендиги жашыруун эмес. Ошондуктан “Мадина” базарындагы соодагердердин сыртка  товар үчүн которгон акчалары 700 миллион доллар тууралуу иликтөөгө кирбей калган. Экинчиси, “Дордой” базарынан нан таап жеген соодагерлердин да Кытай менен Туркияга которгон долларлары 700 миллионго + болуп кошулган эмес. Анын түпкүрүндө да чоң саясат жатат. Салымбеков бийлике жетүү үчүн эмес, өз бизнес кызыкчылыгын коргоо үчүн шайлоого ат салышып келет. Бирок ошондой шалоолордун биринде Раиса Атамбаевага кымбат баалуу бриллиант жана хан сарай белекке бергендигин айтып келишет. Ошондой эле учурда жулкунган оппозиционер Мадумаровду колтуктан жөлөп, алга сүйрөмүш болуп, аңга түртө салгандыгын да аңыз кылып келишет. Анткени бул иштер Атамбаевдин чиймеси менен ишке ашкан, Мадумаровду сырттан алсырата албай, койнуна кирип, Салымбековдун колу менен алсыратышкан.

Ошентип “Мадина” менен “Дордой” базарындагы соодагерлердин чет өлкөгө товар үчүн которгон долларлары 700 миллиондун эсебине эмне себептен кошулбай калгандыгын түшүндүңүздөр окшойт. Анткени эки базардын ээлеринин колдогон кожосу кезегинде Атамбаев болуп тургандыгын айтсак чычалабасын. Ал эми быйыл чет өлкөгө 7 айда которулган 291,9 миллион доллар үчүн кимди күнөөлүү десек болот? Баягы эле Матраимовдордубу? Райымбек Матраимовдун чет өлкөгө иштегени чыгып кеткенине көп убакыт болсо деле ага жөнү жок асыла беришеби?

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *